super.kg logo

Бишкекте президент өтчү жолдогу лотоктун ичинде 5 айдан бери 3 адам жашайт

 
Алымбаеванын таштандыдан терип келген кышкы кийимдери
Сейил бакта жашаган 3 адамдын колдонгон ашкана буюмдары
Мөөнөтү өтүп ыргытылган эттер
Кургатылган нан, көпчүлүгүн таштандыдан терип келишет.
Кулчулукка кабылган Анахитанын жашаган жери
Кышка сактап койгон малдын ич майы
Жууркандын алдына картон салып укташат.
Катыган нанды жеп жашоо өткөрөт.
Анахита Алымбаева жашаган сейил бак
Түштүк магистралы
Ч.Айтматов кең көчөсү
Анахита жана анын жолдошу менен чогуу жашаган мырза
Анахита Алымбаева

"Президенттин өткөн жолун "Президент жана бомж" деген тасмадагыдай тосуп чыгайын деп аракет кылдым, бирок милициялар өткөрбөй коюшкан" деген каарманыбыз үшкүрүнө башынан өткөн окуяларды айтып берди. Бишкекте 5 айдан бери лотоктун ичинде жашаган Анахита Алымбаева (өзүнүн тааныштыруусу боюнча - ред.) кышкы суукта кайда барып жашай турганын билбей жатат. Ал Казакстанда кулчулукка кабылган. Учурда борбор калаанын Токомбаев жана Ч.Айтматов кең көчөсүнүн кесилишинде каралбай калган сейил бактагы лотоктун ичинде күн кечирет.

"Өткөн жылы Казакстандын Чу облусунда иштеп келдим. Алгач бир эже менен таанышып калдым. Ал аял Ысык-Көлдө мал бакканга киши керек деп айткан. Биз макул болдук. Сүйлөшүп турган чакта ал аял суусундук сунуштаган болчу. Анын берген суусундугун ичип эс-учубузду жоготуп койдук. Эсибизге келсек Казакстанда экенбиз. Биз кулчулукка кабылганыбызды ошондо билдик. Ал жакта бир жыл иштедик. Казактар бизге кордук көрсөтүштү", - деди Алымбаева.

Алар менен кошо жер төлөдө кулчулукка кабылган бир канча адам чогуу жашаганын айткан Алымбаева ал жерден качып чыкканын кошумчалады. Алар каналдагы чоң суудан сүзүп өтүп качышкан. Өзү менен кошо жаш балалуу энелер, улгайган адамдар, арасында 15 жылдан бери жашаган аял бар экенин айтып берди. Алгач кароолчунун чөнтөгүнөн жер төлөнүн ачкычын уурдап, качууга мүмкүнчүлүк түзгөн.

"Жалпы 12 адам качып чыктык. Алар бизге жарытылуу тамак-аш беришчү эмес. Итке тамак бергендей тамак берет. Биз мал кайтарчубуз, талаада иштечүбүз. Качып келгениме 5 ай болду. Келгенден бери Бишкектеги каралбай калган сейил бакта жашап жатам. Буга чейин бизге келген милиция кызматкерине Казакстанда кулчулукта бир нече адам бар экенин айткам", - деди ал.

Лотокто күн кечирип жаткан Алымбаева ири дүкөндөрдөн мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды терип келип тамак жасап жейт. Кээде кайыр сурап жан багат. Биз барган убакта сентябрь айында мөөнөтү бүткөн чүчпарадан тамак жасап жаткан экен. Ал учурда жумуш издеп жатканын айтты.

Анахита Алымбаева Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын тургуну. Ал буга чейин Токтогул районуна турмушка чыгып, бир уул, бир кыздуу болгонун айтат. Жолдошу менен ажырашып, балдары жолдошунун апасында калган. Алар азыр 15-16 жашка чыгышкан. Каарманыбыз балдары менен кабарлашпайт. Балдары апасы кайда экенин билишпейт. Анахита учурда өзү менен кошо лотокто чогуу жашаган кишиге турмушка чыгып, аны менен эки жылдан бери бирге жашаарын айтты.






Кулчулуктан качып келип, лотоктун ичинде жашап жаткан аял

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(23)
10.10.2016. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ай байкушум ай...Тын болгулачы кыргыздар ай!!!Балдарындан кабар алып койсон боло эч болбосо!Кара кардынды тойгозуп журо бербей!Дени-карды соо,буту-колу бутун эле неме окшойт.
10.10.2016. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Президент жана бомж!
10.10.2016. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Шампуньдун күчтүүсүнөн коюп коюптурго))
10.10.2016. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эми кыш келе жатат кайдв барат....
10.10.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Президент мындайларды карап да койбостугун тушунушпойтда.
Медиа-портал
10.10.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Президен жана бомж-3 болуптур. Жашоон менен куруп кал! Ооба кулчулукка кабылгандар көп, бирок келгенден кийин өзүн колгон алса болмок. Эх кайран дүнүйө.
10.10.2016. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ээ жашоо не кунго алып барат.
10.10.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
миллионго сатылган номердин акчасы кимде болду экен
10.10.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жашайлы деген аракеттери бар экен.
10.10.2016. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ичип кетпей жакшы жашоого кмтулуп,бактылуу болушсун!!!
10.10.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тооба кылдымгоо бирок колу буту соо адам экен иштеп жан бакса болотко,мамлекет эмне кылып бермек эле карап отура бербей иштеш керек чон шаарда иш коп, бул эже тооба кылдым ичкилике жакын окшойт...
10.10.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
кабарды карагыла...президент каягына жетишсин.....конституцияны озгортом десе эле кычып калышты АШАга...бей окмот уюмдардын чыныгы жузу....ХХХ...ХХХ ушулар ...
Модератор admin_portal түзөттү 2016-10-11 09:20:03
11.10.2016. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Jaloshtalnarisbatchui, этика нормаларын сактаңыз!
11.10.2016. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Колдонгон нерселери буюмдары баары жакшы экен. Бир гана жатакана проблема экен
11.10.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уурдашат окшойт коп нерсени
11.10.2016. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уборшица болуп иштесен деле болгудай жашта экенсин бироону гуноолобо озун аракет кыл сенден жашы чон эжелер Россияда туалет жууп уй булоо багып журушот мээнет кыл ичкилик жакшылыка алып барган эмес эч кимди
11.10.2016. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо учун курош бактылуу болушсун
SUPER.KG видео
11.10.2016. 03:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тор деген да кино болгон го
SUPER.KG видео
11.10.2016. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айылга эле барбайбы биртуугандары жокбу
11.10.2016. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ар бир адам озу да күнөөлүү. Өзүн өзү бага албаса.
11.10.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
иии кудайым ай.,, журогум ооруп кетти. Колуман эле келбейт да, колуман келсе жардам берет элем.
Медиа-портал
12.10.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи жолдошум менен жатабыз деди маектин акырында куйоом жок дейт.Турмушуна озу кунолуу!Бул Казакстанда кармалган эмес.Калп айтып жатат окшойт. Мейли жакшы болуп кетээр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: