super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Текебаев президент Атамбаевдин Грузия жана Арменияга иш сапары менен барарын сындады

 

"Алмазбек Атамбаевди дарыгерге көрсөтүш керек". Мындай пикирин бүгүн, 11-октябрда маалымат жыйынында Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

"Атамбаевди дарыгерге көрсөтүү керектигин бир гана мен эмес, бүт өлкөбүздүн жарандары жана эл аралык өнөктөштөрүбүз айтып жатышат. Атамбаев Армения менен Грузияга расмий иш сапары менен барат экен. Ал жакка баруунун максаты эмнеде? Президенттик мөөнөт бүткүчө айылдап, жер кыдыруубу? Бул өлкөлөр менен биздин соода-экономикалык кызматташтыгыбыз ар дайым кичинекей болгон, жакында өнүгүп кете турган түрү жок. Түркия менен жаңжалдашып жатсак, президент Москвада ооруканада жатып алып Түркия мамлекет катары тааныбаган Кипрди Эгемендүүлүк күнү менен атайын өчөшүп куттуктады. Эми түрктөр "душман" деп элдешпей, бири-бири менен айтышып жүргөн Арменияга Атамбаев барганы жатат. Эми Кудайдан бир тилегеним, армяндар геноцидинин эстелигине гүл койбосо эле болду. Андай болсо, түрктөр менен биротоло кол үзүшөбүз", - деди Текебаев.






Текебаев Атамбаевдин Арменияга иш сапары менен барарын сындады

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: