Садыгалиев көчөсүндөгү өрт 2,5 миң чарчы метр аянтты чапчыды




Садыгалиев көчөсүндөгү өрт 2500 чарчы метр аянтты чапчыды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өчүрүү иштери жүрүп жатат. Такталган маалыматка ылайык, өрт күйүүчү-майлоочу каражаттарды сактаган кампада чыккан", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.
Айта кетсек, өрт тууралуу маалымат бүгүн саат 13:03 чамасында келип түшкөн. Анда Садыгалиев көчөсү менен Л.Толстой көчөсүнүн кесилишинде пенобетон чыгаруучу заводдо өрт чыкканы айтылган. Кийин өрт күйүүчү-майлоочу каражаттар сакталган кампада чыкканы белгилүү болду. Учурда кырсык болгон жерде 6 өрт өчүрүүчү унаа иштөөдө.
Бишкекте ири өрт катталды
Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:44
2025-06-26
12:02
2025-06-26

11:23
2025-06-26

Рейтинг:
-1

оорулар чыгышы мумкун мунун артынан .бишкекти Озу алатоодон карасан туман тутун корунот эле эми воопше