super.kg logo

Баткенде бир нече кишини алдамчылык кылтагына илген шектүү кармалды

 
Баткенде бир нече жаранды алдоого шектелип 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, ал июнь айында бир катар адамдардын ишеничине кирип, алардын Lexus, Hyundai Porter жана башка унааларын алып, ар кандай шылтоолор менен акча каражаттарын бербей жүргөн. Мындан тышкары, аталган жаран YouTube платформасында “Апаз-ТВ” аталышындагы канал аркылуу лотерея уюштуруп, жарандарды алдап жүргөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөдө YouTube каналында уюштурулуп келген лотереянын мыйзамсыз экендиги аныкталып, жабырлануучуларга келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 2 миллион сомдон ашык экени аныкталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: