Бишкекте кармалган алдамчы эсиңиздеби? Анын шериги да колго түштү
Бишкекте концерт уюштуруу шылтоосу менен алдамчылык жасаган деп шектелгендердин экинчиси кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.Маалымдалгандай, шектүүнүн карызы 1 миллион 166 миң 400 сомду түзөт. Ал билет сатып, натыйжада концерт уюштурган эмес. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-(Алдамчылык) беренеси менен кылмыш иши ачылып, ал убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Буга чейин аталган кылмыш иши боюнча 25 жаштагы жаран кармалганы кабарланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















