super.kg logo
  Саясат  

Камчыбек Ташиев мындан аркы шайлоолорго "Республика" жана "Ата Журт" өз-өзүнчө катышарын ырастады

 

Мындан аркы шайлоолорго "Республика" жана "Ата Журт" саясий партиялары өз-өзүнчө катышышат. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда маалымат жыйынында "Ата Журттун" лидери Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, аталган эки партия 2015-жылдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн бириккен. "Биз максатыбызга жеттик, жыйынтык чыгардык. Биригүү жаман болгон жок, бирок акыркы мезгилде биздин максаттарыбыз ар түрдүү чыгып жатат. Ошондуктан биз Өмүрбек Бабанов менен жолугушуп, мырзалык келишимге келдик. 11-декабрда жергиликтүү кеңештерди шайлоого "Республика-Ата Журт" акыркы жолу катышат. Мындан ары биз "Ата Журт" партиясы менен өзүбүздүн саясий келечегибизди көрөбүз", - деди Ташиев.

Эскерте кетсек, 2014-жылы бириккен "Республика" жана "Ата Журт" партиялары бөлүнүп, Бабанов-Ташиев тандеми бузулганы 16-ноябрда белгилүү болгон. 2016-жылдын 11-декабрында өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого "Республика-Ата Журт" катталып калгандыктан, Бабановдун командасы ушул партия менен шайлоого барат. "Ата Журт" партиясы айрым аймактар боюнча жергиликтүү шайлоодо өзүнчө чыгат. Кийинки шайлоолордо "Республика-Ата Журт" деген партия болбойт.






Ташиев "Республика-Ата Журттун" экиге бөлүнгөнүн ырастады

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу, Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: