super.kg logo

Учактын катуу соккусунан дубал кулап, бир адам каза болуп, өспүрүм кыздын буту сынды

 

Учактын кыйрашынан бир үй-бүлөнүн багуучусу каза болду. Мындай маалыматты бүгүн, 17-январда маркумдун иниси Алтынбек Жапаров SUPER.KG порталына билдирди.

"Туугандарым кырсык болгон аймакта жашашчу. Ал күнү 51 жаштагы Сүйүнбай Батыров аттуу агам башка бөлмөдө жаткан экен. Аны учактын катуу соккусунан кулаган дубал, бетондор басып каза болду. Ошол эле үйдүн башка бөлмөсүндө жаткан туугандарым аман калышты. Карындашымдын буту сынып, баш мээси чайкалыптыр. Ооруканада дарыланып жатат. Калган үй-бүлө мүчөлөрү аман", - деди маркумдун иниси Жапаров.

Анын айтымында, эки күн мурда бөлмөнүн ичиндеги керебетти ордунан башка орунга жылдырышкан.

"Учак кулап, керебеттин мурдагы турган ордун талкалап, сүрүп өткөн. Ал жерде буга чейин 2 жаштагы бөбөгүм жатчу. Бактыга жараша, наристебиз Кудайдын керемети менен аман калды", - деп кошумчалады Жапаров.

Маалыматка ылайык, маркумдун туугандары кырсыктын болгонун сыналгыдан көрүшкөн. Ал эми бүгүн Сүйүнбай Батыровдун сөөгүн Ош облусунун Куршаб айылындагы дарегине жеткирүү үчүн ӨКМдан бөлүнгөн унаа шаардагы өлүкканадан алып чыгып кеткен.






Авиакырсыктан каза болгондор кичи мекендерине жөнөтүлдү

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
17.01.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаткан жери жайлуу болсун!
17.01.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эхх ото жаман болду, жайлары жаннатта болушсун. Тиги фейсбуктагы 'ХХХ'ны ушулардын арбагы урсун.
Модератор admin_portal түзөттү 2017-01-17 17:49:27
17.01.2017. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
metsenat, этика нормаларын сактаңыз!
17.01.2017. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
metsenat,туура
SUPER.KG видео
17.01.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жерлери жайлуу топурактары торко болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: