Авиакырсыктан 2 кызынан айрылган тургун бүгүн кыздарын жерге берди





Атасы каза болуп Нарынга кеткен Руслан Белеков учак кырсыгынан 2 кызынан айрылган. Ал бүгүн, 18-январда кыздарын Курулуш башкармалыгынын дачалары айылында жерге берди.
Руслан Белековдун өзүнүн үйү түп орду менен талкалангандыктан, жерге берүү зыйнаты жакын тууганынын үйүндө өткөн. Эскерте кетсек, анын кыздары Мадина Белекова 2003-жылы, Адинай Белекова 2010-жылы туулган.
Маалыматка ылайык, аталган айылда учак 20дан ашуун үйдү талкалап кеткен.
"16-январда таңга маал айылыбыз дүрбөлөңгө түшүп, чаңы сапырылып жатып калды. Кошунам эки кызынан айрылды. Кырсык болгон күндөн бери уйку жок. Тамак ичкенге табит тартпай жатат", - дейт Руслан Белековдун кошунасы Жамийла Чоюбекова.
Авиакырсыктан каза болгондор кичи мекендерине жөнөтүлдү
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
Авиакырсыктан жакынын жоготкон тургун
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Аллах Таалам жаратуучу Бирок кайра ощуноо алычуу зат