super.kg logo

Авиакырсыктан жабыр тарткан Байнур: "Көзүмдү ачсам учактын дөңгөлөгү маңдайымда айланып туруптур. Акыр заман башталды го деген ой келди"

 

Мына ушул сүрөт 16-январдагы кырсык болордон бир жума мурда тартылган. Кичинекей Эрзат 15-январда 5 жашка толгон, авиакырсык болгон таңда аны менен кошо кичинекей карындашы, бир жарым жаштагы Жылдыз (сүрөттөгү эң кичинекей), 19 жаштагы бир тууган агасы Аман каза болгон. Бул сүрөттөгү Сайкал (сары кофтачан) менен Байнур Куштарбеков каза болгон балдардын жакын туугандары, алар кандайдыр бир керемет менен аман калышкан. Куткаруучулар аларды урандылардын араларынан таап чыгышып, борбор калаадагы балдар ооруканасына жиберишкен.

Бүгүн, 19-январда авиакырсыктан жабыркаган Байнур Куштарбековдон кабар алдык. Ал кырсык болор күнү тууганынын үйүнө туулган күнгө барып, түнөп калган. Эртең менен ойгонуп каргашалуу окуянын күбөсү болгон. Учурда ал болгон окуя көз алдына тартылып, түшүнөн чочуп ойгонуп жатканын SUPER.KG'ге баяндап берди.

"АЙЛАНАНЫН БААРЫН ӨРТ КАПТАП, АКЫР ЗАМАН КЕЛДИ ГО ДЕГЕН ОЙ КЕЛДИ"

"Ошол күнү практика өтөөгө бармакмын. Эртең менен туруп, азыр эртерээк го деп кайра жаткам. Бир маалда катуу дүңгүрөгөн үн чыгып, бир заматта айлананы өрт каптап кетти. Бир нерсе дегиче болбой жарылуу болуп кетти да, үстүмө дубал кулап түштү. Айланам капкараңгы болуп эч нерсе көрүнбөй калды. Бир маалда көзүмдү ачсам учактын чоң дөңгөлөгү маңдайымда айланып туруптур. Айлананын баары өрт болчу. Акыр дүйнө башталды го деген ой келди. Экинчи ирет дагы бир нерсе катуу жарылды да, дубал ыргып кетип, үстүнкү дубал мени басып калды. Ошондо кайра өзүмдү жоготуп койдум. Кийин мени куткарып жатышканда эсиме келдим".

Байнур кырсыктан баш мээси чайкалып, бир топ жаракаттарды алган. Кээде уктай албай, кээде түшүнөн чочуп, болгон окуя көз алдына элестеп жатканын айтат: "Уйкудан чочуп ойгонуп кетүүдөмүн. Мектептеги психолог мугалимим келип моралдык колдоо көрсөтүп жатты. Ал менин бул жакта экенимди билбептир, кечээ башка бейтаптар менен сүйлөшүп жүрүп мени көрүп калды. Менин аман калганыма кубанып, бир топко чейин сүйлөшүп, маанайымды көтөрүп кетти".

Учурда кырсыктан жабыркаган Байнурдун үй-бүлөсүнө окуяга кош көңүл карабаган жарандар жардам колун сунушууда. Каарманыбыздын ата-энеси кырсык болгон учурда Москва шаарында иштеп жүрүшкөн. Каргашалуу окуяны интернеттен окуган Нуриза Шейшенова алгачкы каттам менен ошол эле күнү Бишкекке учуп келген.

"Эл катары эле балдарды окутуу, акча табуу максатында жолдошум экөөбүз Орусияга иштеп кеткенбиз. Авиакырсык тууралуу угарым менен балдарга телефон чалдым. Же булар телефонго жооп беришсечи... Учактагылардын көпчүлүгү көзүбүзгө жаш алып, конорубуз менен кырсык болгон жерге жөнөдүк. Ал жак туман болуп, эч нерсе көрүнбөйт. Уулумдун аман калганын экинчи ирет төрөлдүң деп жатабыз.

Элден айланса болот. Тааныганы деле, тааныбаганы деле ар тараптан жардам берип жатышат. Андыктан баарына ыраазычылык билдирем", - деп сөзүн жыйынтыктады Байнурдун апасы Нуриза Шейшенова.






"Көзүмдү ачсам маңдайымда учактын дөӊгөлөгү айланып жатыптыр"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
19.01.2017. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллах шыпаасын берип тез арада айыгып кет Иним
Sema87 түзөттү 2017-01-19 23:28:03
20.01.2017. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жараткан озу шыпаасын берсин
20.01.2017. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Allxhum
20.01.2017. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shypasyn bersin aiygyp ket
20.01.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тезиреек сакайып кет
20.01.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул менин окуучум, аябай элпек, ан конул бала. Айыгып кет садагасы, жакындарына сабыр тилейм. Биринчи коруп тан калып атпаймбы, кайдан барып калды деп корсо коноко барган экен да, Алла озу сактаптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: