Өмүрбек Текебаев: "Аида Салянованы УКМК бүгүн камакка алышы мүмкүн"
Депутат Аида Салянованы УКМК бүгүн камакка алышы мүмкүн. Бул тууралуу 31-январда депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.
"Салянованы кылмышка шектүү катары УКМК бүгүн саат 16:00гө чакырды. Ыңгайы келип калса, аны бүгүн камакка алышы мүмкүн. Салянова эч жакка качып кетпейт, учурда УКМКга барууга даярданып жатат", - деди Текебаев.
"Ата Мекендин" лидери депутат Аида Саляновага карата тагылган айып негизсиз экенин айтууда. "Салянова адвокаттык лицензиясын узартты делген Елисеев Латвияда ошол лицензиясы менен фирма ачып алганы айтылып жатат. Документтерди карасак, бул фирма 2010-жылдын апрель айында ачылган. Ал эми Салянова лицензияны июнь айында узартып жатат", - деген Текебаев Саляновага айтылган айыптоолор логикага да сыйбасын белгилейт.
Өмүрбек Текебаев: “Аида Салянованы УКМК камакка алышы мүмкүн”
Автор: Перизат Музуратбекова
Оператор: Сергек Шатманов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
2

