Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев кантип байыганын иликтейт
"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев кантип байыганын иликтеп чыгат. Бул тууралуу Текебаев 31-январда журналисттер менен жолугушууда билдирди. Мамлекеттик салык кызматына Алмазбек Атамбаев акыркы 10 жылда мамлекетке канча салык төккөнүн сурап кайрылуу жибергенин айтат депутат.
"Атамбаев "мен баймын, мага байлыкты Кудай берген" деп айтып жүрөт. 1 миллиард калк жашаган Индияга барып да мактанды. Өмүрбек Бабанов бензин, Чыныбай Турсунбеков ун, Осмонбек Артыкбаев дары, Калыкбек Султанов үй куруу бизнеси менен байыды. Атамбаев эмне товар өндүрөт? Аны кандайдыр бир буюм чыгарат деп уккан эмесмин. Иликтеп көрдүк, Атамбаевдин "Автомаш" ишканаларында акциялары калбаптыр. Убагында менчиктештирип алган мүлктөрүн сатып жибериптир. Мен муну кийинчерээк документтер менен жарыялайм.
Быйылкы жыл Ыйман жылы деп жарыяланды. Президентке расмий түрдө кайрылам, быйыл жылды ыймандай сырыбызды ачуу менен баштабайлыбы? Жомоктогудай байлыкты кайдан таптыңыз, мамлекетке канча салык төлөдүңүз, канча кишини иш менен камсыздадыңыз? Мен да айтайын, баарыбыз айталы. Кудай берди деп бекер келген байлыкты айтат. Мээнет менен келген байлыкты "эл менен бирге таптык" дейт. Президентке байлыкты Кудай кантип бергенин жакында аныктайбыз", - дейт Текебаев.
Өмүрбек Текебаев: “Аида Салянованы УКМК камакка алышы мүмкүн”

