super.kg logo
  Саясат  

Өмүрбек Бабанов спикер Чыныбай Турсунбековду кызматтан түшүрүү оюнан кайтты

 

"Чыныбай Турсунбековду Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан чакыртып алуу демилгебизди артка кайтардык", - деди бүгүн, 6-февралда маалымат жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов.

Айтымында, ал Чыныбай Турсунбеков менен бир нече жолугушуу өткөргөн. "Биз регламент маселесин талкууладык. Саясат болбой турган нерсени болтурат. Бардык партиялардын комитеттердеги өкүлчүлүктөрү пропорционалдуу болушу шарт. Сөз сүйлөө үчүн ар бир депутатка бирдей убакыт берилиши керек. Биз бул маселе боюнча чечиштик, төраганы чакыртып алуу демилгебизден баш тарттык. Жакшы согуштан жаман тынчтык артык", - деди Бабанов.

Бабанов менен чогуу маалымат жыйын өткөргөн Чыныбай Турсунбеков да бул маселе чечилгенин билдирди.

Айта кетсек, өткөн аптада парламентте Өмүрбек Бабанов Чыныбай Турсунбековду Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан чакыртып алуу демилгесин көтөргөн.






Бабанов Турсунбековду кызматынан кетирүү демилгесинен кайтты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: