super.kg logo
  Саясат  

"Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышат (өмүр баяны)

 

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев келерки президенттик шайлоого катышарын расмий түрдө жарыялады. Партиянын бүгүнкү жыйынында партиянын мүчөлөрү ага шайлоодо колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришти.

"Заман келди. Биз өлкөнү өнүктүрүп, элди биримдикке чакырып, иштешибиз керек. Эгер биз четте турсак, тарых бизди кечирбейт. Эң негизги иш-аракеттерибиз адамдык потенциалды жогорулатууга багытталат. Адам тарбия алышы керек, көп тил билиши керек. Өлкөбүздү биз өнүктүрбөсөк, эч ким өнүктүрүп бербейт", - деди Төрөбаев.

Өмүр баяны: Төрөбаев Бакыт Эргешевич 1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин финансы жана кредит адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек ишмердүүлүгүн 1995-жылы АЗС курууга жана күйүүчү-майлоочу майларды сатып өткөрүүгө адистешкен өндүрүштүк-коммерциялык “Жамиля жана К” фирмасында директор болуп иштөөдөн баштаган.

1998-1999-жылдары айыл чарба продукциясын өндүрүүчү “Азия-Сузак” дыйкан чарбасынын төрагасы, ал эми 2000-2007-жылдары “Мариям” ун комбинатынын башкы директору болуп эмгектенген.
2007-2009-жылдары Бакыт Төрөбаев IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри болгон.
2010-жылы “Республика” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
“Республика” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, 2013-жылдын мартынан баштап “Өнүгүү-Прогресс” депутаттык тобунун лидери болгон.
2015-жылдан тарта "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.





"Өнүгүү-Прогресстин" лидери Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышат

Автор: Нургазы Аматов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: