super.kg logo

Адистер 5 курулушчу кулаган имаратта коопсуздук эрежелери сакталганын айтышууда

 
Травматология жана ортопедия илимий борборунун дарыгери Бакытбек Исаков
Жабырлануучу Куланбек Муратбековдун кайын энеси Саадат Мамытова
Жабырлануучу Куланбек Муратбековдун жакындары
Травматология жана ортопедия илимий борбору
Кырсык болгон имарат
Архитектура-курулуш көзөмөл ишканасынын бөлүм башчысы Жоодарбек Атакеев

Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан кулаган куруучулардын үчөөнүн абалы оор бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Травматология жана ортопедия илимий борборунун дарыгери Бакытбек Исаков билдирди.

"Бизге кечээ, 16-февралда саат 16:00дөр чамасында имараттан кулады делген 4 адам келип түшкөн. Кырсыкка кабылгандардын абалын изилдеп чыгып, 3 адамды жандандыруу бөлүмүнө жаткырганбыз. Ал эми дагы бирөөсүнүн жарааты жеңил болгондуктан хирургия бөлүмүндө дарыланууда. Жандандыруу бөлүмүндөгүлөрдүн биринин сан сөөгү сынып кеткен. Дагы биринин бел, көкүрөк омурткалары жабыркаган. Ошондой эле дагы бир баланын баш мээси чайкалган", - деп билдирди Исаков.

Маалыматка ылайык, көп кабаттуу имараттын курулушу учурунда кулагандардын бири Улуттук госпиталга жеткирилген. Биздин чыгармачылык топ Травматология жана ортопедия илимий борборуна барганыбызда жандандыруу бөлүмүнүн жанында жабыркагандардын жакындары чогулуп турушуптур. Окуянын жүрүшү боюнча алар менен маектештик.

"Мен бейтапканага күйөө балам, Куланбек Муратбековдун абалын көрүүгө келгем. Ал 36 жашта. Кечээ кечинде кызым чалып кырсык болгонун айтып калды. Биз дароо эле борборго келдик. Биз келгенде операцияга алып кирип кетти. Дарыгерлер омурткасынан жабыркаган деп жатышат. Кызым менен күйөө баламдын 3 баласы бар. Алардын экөө мектепте окуйт. Курулушта иштеп үй-бүлөсүн бакчу эле. Курулуш компанияга доомат артып барган деле жокпуз. Бирок алар дары-дармек жана башка чыгымдарын каржылап беребиз деп жатышат", - деп билдирди Куланбек Муратбековдун кайын энеси Саадат Мамытова.

Кырсыктын себептерин тактоо максатында Чүй жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан имаратка келдик. Мындагы курулушта техникалык коопсуздук эрежелердин баары өз орду менен сакталгандыгын Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын адистери айтып берди.

"Бул окуянын жүрүшү боюнча Экологиялык техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын алдында атайын комиссия түзүлүп, иштеп жатат. Буга чейин биз карап чыктык. Куюлуп жаткан бетон ката электе кулап кеткен. Анын үстүндө курулушта иштеген балдар болушкан. Бетон куюларда адистер келип текшерип, баары өз тартиби менен болуп жаткандыктан уруксат берилген. Кырсыктын болуп кетиши эмне себептен экенин алар да түшүнө албай жатышат. Буга чейин маалыматтарда айтылгандай бетон басып калды деген туура эмес. Учурда түзүлгөн комиссия иштеп жатат. 15 күн аралыгында жыйынтыгын чыгарып беришет", - деп билдирди аталган инспекциянын Архитектура-курулуш көзөмөл ишканасынын бөлүм башчысы Жоодарбек Атакеев.

Жоодарбек Атакеевдин маалыматына ылайык, курулуш иштерин "Мурас-Спорт" жоопкерчилиги чектелген коому куруп жаткан. "Түзүлгөн комиссия изилдеп чыгып, коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы же болбосо катачылык кимден кетирилгени аныкталса тиешелүү адамдарга айып салынат", - деп кошумчалады Атакеев.

Ал эми аталган кырсык боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына байланышканыбызда бул боюнча кылмыш иши козголбогондугун билдиришти.

"Учурда аталган факт боюнча алгачкы териштирүү иштери жүрүүдө. Бул боюнча атайын соттук медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгына жараша иш жүргүзүлөт. Ал эми жабырлануучулардын жакындары тарабынан даттануулар болгон жок. Мындан улам кылмыш иши козголгон эмес", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттан 5 адам кулап кеткени боюнча маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришкен.






"Дордой сити" соода борборунун курулушунан кулаган 5 жаран ооруканада

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
17.02.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tezireeek sakaiyp ketishsin bizdin aidan ele Kulanbek baike
17.02.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акча суйлоп ататда коопсуздук сактклган деп даары дармегине акча толоп айыгышына жардам беришсин эми
SUPER.KG видео
18.02.2017. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетишсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: