Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочу аныкталды (видео)
Кечээ, 12-ноябрда социалдык тармактарда тараган видео боюнча текшерүү жүргүзүлүп, Toyota Crown үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол кыймылынын эрежелерин одоно бузуп, автоээнбаштык жасаганы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, айдоочуга протокол түзүлүп, унаа айып короосуна киргизилди.
"Ал күнү жамгыр жаап жаткан. Унаага жайкы дөңгөлөк орнотулгандыктан, рулду бир аз башкара албай, унаа айланып кетти. Мындай окуя экинчи кайталанбайт, мындан ары жол эрежелерин сактайм",- деди айдоочу.
Бишкекте автоээнбаштык жасаган айдоочу аныкталды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:44
2026-11-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















