Түп районунда 5 жылда 128 социалдык объект пайдаланууга берилди
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-ноябрда Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Түп, Ак-Суу райондорунун жана Каракол шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор, өнөр жай, айыл чарба жана туризм тармактарынын өнүгүшү, ошондой эле мындан аркы өнүгүү келечеги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, түп районунда акыркы беш жылда 55 жаңы ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлгөн. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү эки эседен ашык көбөйгөн.
"Бул мезгил аралыгында райондо мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди жана спорттук объекттерди камтыган 128 социалдык объект курулуп, пайдаланууга берилген. Жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча да олуттуу иштер жүргүзүлүп, 193,5 чакырым жол асфальтталган. Учурда ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу улантылууда. Алардын катарында “Күрмөнтү” цемент заводун, Түп ГЭСин жана агрологистикалык борборду куруу бар",- деп белгиленди маалыматта.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















