Алмазбек Атамбаев: "Жанар Акаевди эл шайладыбы же КСДПнын арты менен өттүбү? Кийинки шайлоодо көрөлүчү"
Бүгүн, 24-мартта Бишкекте Шабдан баатыр менен Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверде 2005-жылдын 24-мартындагы революцияга карата президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда иш-чара өттү.
11:28. Иш-чара аяктады.
11:26. Алмазбек Атамбаев: "Азаттык" боюнча эл аралык сотко чейин кайрылууга даярмын. Жакшы сабак алышат. Журналистика бул обьективдүү, так маалымат. "Азаттык" менен "Занозага" жалган жалаа кандай болорун көрсөтөбүз. Ушак тараткандар мыйзам алдында жооп бериши керек. "Заноза" гранттарды алып жатат. Жооп беришсин. Ушакчылар бир тууганынын этин жегенге барабар. Ушак жазгандар, башка жакка барып жегиле. Ушак, жалган жалаанын айынан апам, агам кайтыш болду. Булар журналисттер эмес, жалаакорлор".
11:24. Президент: "Кыргыз өлкөсүндө 3-революция болбойт. Өткөндө Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушканда да тамаша иретинде айткам. Бул ирет айтам, үчүнчү революция болбойт. Мага ишенип койгула, таптакыр башка өлкө. Буга негиз жок. Козутууга жол берилбейт. Козуткусу келгендердин баары мыйзам алдында жооп беришет. Түз айтайын, оюндардын убактысы бүттү", - деди.
11:23. Президент Алмазбек Атамбаевге журналисттер тарабынан "небереңиздин атын ким койдуңуз?" деген суроо берилип, өлкө жетекчиси айткан жок. "Бизде демократия. Неберемдин атын апасы менен атасы коюшат. Мыйзам боюнча туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алууга 1 ай убакыт берилет", - деди өлкө башчысы.
Белгилей кетсек, жакында президенттин кызы Алия Шагиева көз жарган.
11:17. Алмазбек Атамбаев президенттиктен кийин саясатта калары тууралуу төмөнкүнү айтты. "Саясатта калыш үчүн сөзсүз кайсы бир жооптуу кызматты ээлөө шарт эмес. КСДП партиясынын иши менен алектенем. Партиянын жаңыланышын, тазаланышын каалайм. Эгер мен президент катары бийликте калгым келсе таптакыр башка референдум өткөрмөкмүн. Калктын ошол 80 пайызы Атамбаевдин кийинки мөөнөткө калышын колдоп добуш беришмек", - деди өлкө башчы.
11:14. "Жанар Акаевди мандаттан ажыратуу тууралуу сөздөр калп. Бул ал өзү баш тартканда гана ишке ашышы мүмкүн. Аны эл шайладыбы же КСДПнын арты менен өттүбү? Кийинки шайлоодо көрөлүчү, парламентке өтө алат бекен", - деди Атамбаев.
11:09. Алмазбек Атамбаев келерки президенттик шайлоодо КСДП партиясынын атынан ким талапкер болору тууралуу ою менен бөлүштү. "Башында коомдук пикирди угуп, талапкерлердин рейтингдери эске алынат. Ким көп колдоого ээ болсо, ошол талапкер президенттикке сунушталмакчы", - деди Атамбаев.
Мындан тышкары ал президенттик шайлоодо эч ким тартипти буза албай турганын айтты. "Тартип бузгандар жоопко тартылат, ачыгын айтканда, аябайбыз", - деди өлкө башчы.
11:06. "Парламент өзүн-өзү таратат деп ойлобойм. Парламенттик шайлоодо партиялар элди алдап жатат. Жогорку Кеңеш тарабынан абдан кыйтыр мыйзамдар кабыл алынган. Шайлоодо партиялар бир тизмени көрсөтүшүп, парламентке башкалар келишет. "Республика-Ата Журтта" жалаң олигархтар. Болгону КСДП гана талапты сактады, илимдин, интеллигенциянын өкүлдөрү бар. Тизме катаал болушу керек. Азыр болгону элди алдап жатышат", - деди президент.
Ошондой эле ал парламенттик шайлоодогу босоголук баллды 7 эмес, 9-10 кылыш керектигин айтты. "Ансыз парламентке дайыма 5-6 партия келип, туруктуу коалиция, туруктуу өкмөт болбойт. Эгерде парламентте бакылдап жаткан эргулдар мамлекет үчүн күйсө, ошол эле босогону жети кылбай, 9-10 кылып көтөрүшү керек", - деди Атамбаев.
11:03. Алмазбек Атамбаев: "24-март революциясы Аксы окуясы сыяктуу маанилүү. Аксы окуясы, 24-март революциясы өлкөнүн оор ашуулары. Бул майрам дагы. Үйдөн чыгып баратканда жубайыма "үйгө келбей калышым мүмкүн, снайперлер турушат" деп да айткам. Уурдалган революция катары тарыхта калат", - деп билдирди.
кошулду
Алмазбек Атамбаев: "Кыргыз өлкөсүндө 3-революция болбойт"

