super.kg logo

"Ала-Тоо" аянтында 7-Апрель окуясына карата концерт өттү

 
"Ала-Тоо" аянтындагы концерттик программанын көркөм жетекчиси Султан Раев
Ырчы Саламат Садыкова
2010-жылы 7-апрелде болгон окуянын катышуучусу
2010-жылы 7-апрелде болгон окуянын катышуучусу

14:00. "Ала-Тоо" аянтындагы концерт аяктады.

13:50. Шаар тургуну Ыдырыс Абдылдаев SUPER.KG порталына кантип 7-Апрель окуясынын катышуучусу болуп калганын айтып берди. "Бийликке нааразы болгон адамдар бири-биринен маалымат алып, чогула башташкан. Биз Киев-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде турганбыз. Ал жакка балдар келишкен. Андан кийин аянтка барганда эл көбөйүп, милицияны кубалап, таш менен уруп баштаган. Жанымда жүргөн 2 жаш бала каза болгон. Ошолорду дайыма эстеп жүрөм".

13:46. Ырчы Саламат Садыкова бүгүнкү концертте ырдаган "Калайык калкка кайрылуу" аттуу ыры 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуясынан кийин жаралганын айтты. Ал бул ыр Апрель окуясында каза болгон балдардын энелерине арналганын, кыргыз элине кайрат тилеп, сабырдуулукка жана ынтымакка чакыра турганын билдирди.

13:41. Кыргыз ырчылары Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, Гүлзада Рыскулова, Саламат Садыкова, Иса Өмүркулов жана башкалар патриоттук ырларын аткарышты.

13:28. Алай районунан Бишкекке келген Райыма Абдрахманова: "Майрамың менен, кыргыз элим. 2010-жылы 7-апрелде каза болгон эр жигиттердин баарынын салымдары зор. Өлкөбүздө эр азаматтар туулсун. Элибиз тынч болсун. Бүгүнкү майрам жакты. Күн тийип, жакшы маанай тартуулап жатат".

13:16. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов 7-Апрель окуясын чагылдырган театралдаштырылган иш-чараны көрүп жатып көзүнө жаш алды.

13:00. "Ала-Тоо" аянтында театралдаштырылган иш-чара башталды. Анда 2010-жылдын 7-апрелдеги окуялары чагылдырылууда.

12:55. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов: "Кыргыз мамлекети 7-Апрелди майрам катары биринчи жолу майрамдап жатат. Мындан кийин да бул күн ар дайым майрам катары майрамдаларына ишенебиз".

12:50. "Ала-Тоо" аянтындагы концерттик программанын көркөм жетекчиси Султан Раев: "Концерт саат төрткө чейин уланат. 300дөй маданият кызматкеринин катышуусунда концерт болот. Театралдык көргөзмөнүн сценарийи 7-Апрелдин башкы каармандары болгон карапайым калктын эрдигин чагылдырууга арналган".

12:30. Аянтка желек кармаган 500гө жакын жаран жөө жүрүш менен кирди.

12:15. Өкмөт өкүлдөрү, шаар жетекчилиги келишип, гүлчамбар коюшту.

12:00. Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков баштаган парламент депутаттары борбордук "Ала-Тоо" аянтындагы 2002-жылдын Аксы окуясында жана 2010-жылдын Апрель революциясында эл эркиндиги үчүн курман болгондорго арнап тургузулган эстеликке келип, куран окутуп, маркумдардын жаркын элесине арнап гүл коюшту.

Бүгүн, 7-апрелде Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында 2010-жылдагы 7-Апрель окуясынын жети жылдыгы эскерилүүдө.

Айта кетсек, бүгүн "Ала-Тоо" аянтында театралдаштырылган иш-чара болот. Ага шаар мэри Албек Ибраимов катышат. Соңунда концерт болуп, ал салют атуу менен аяктамакчы.


кошулду





Ала-Тоо аянтында Апрель окуясына карата концерт өттү

Автор: Перизат Музуратбекова
Оператор: Сергек Шатманов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(31)
07.04.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Концерт болбосо ел деле келмек еместейго,анын ордуна куран окутуп шаншокоту жок еле откорсо жакшы болмок
kyrgyz.kg83 түзөттү 2017-04-07 14:01:57
07.04.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyz.kg83,кайдагы концерт озу кийинки концерт жакындап жатса
07.04.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Эмнегедир ушу апрель баатырларын мен баатырлар деп айта албайм.
07.04.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Эмнеге?
07.04.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
asankulov12, ким менен курошту, бир зулумду башка бир зулум менен алмаштыруу учунбу?!! Арадан 7 жыл отуптур, элдин жашоосу жакшырдыбы, кайра эл жылдан жылга жакырданып бара жатат го?!! Ош окуясында эли-жери учун курошкондор эмнеге баатыр эмес да, апрель окуясында!!гылар баатыр болушу керек, же Атамбаев баш болгон "убактылууларды" бийликке алып келишкени учунбу?
07.04.2017. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен сизге каршы эмесмин. Ош окуясындагы окуя боюнча, кимдерге бериш керек наамды?
07.04.2017. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кандуу окуя, карапайым калктын ошондогу башынан чон жоготуу откоргондугу, орду толгус жоготуу, жылдар отуп эми, концерт, шан шоокот мн эскерилип жатканы окундурот. Курман болгондорго багышталып жон эле куран окутуп эскеришсе деле болмок, концетсиз эле!
07.04.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ailajoktonkettimai, откат алганы бир шылтоо керек да чондорго.
07.04.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Концертке кеткен акчаны ошол кезде курман болгондордун уул кыздарына жардам катары берсе болмок екен......
07.04.2017. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Тилеке каршы 90 адамдын олуму акталган жок
07.04.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Концерт кылса,каза болгондорго не пайдасы бар. Олуп кеткендери учун ырдашабы кутулдук деп тооба кылдым. Андан кору уй булолорго продукта болбосо аз болсода акча берип койсо болмок.
07.04.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
той кылып бериптирда атабыз концерт койуп элдин конулун бурганда болбосо эч ким келмек эмес экен
07.04.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көкөтайдын ашы болуптурда..
07.04.2017. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Элди коз бое кылып баатыр кылышкан, оздорунун приказы менен атылган адамдарды алдап эмне пайда, кудай коруп турат, 7-апрелге Бакиевдин эч кандай тиешеси жок, Атамбаев озу олтуруп озу баатыр атады
07.04.2017. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Жогорудагы комментарийлердин баарына кошулам. Курман болгондорго арнап куран окуп, бала-чака , ата-энесине материалдык жардам берсе, курман болгондордун максаты ишке ашса арбагы ыраазы болоор беле...
07.04.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Атамбаев деп ооло айттын го,Козун менен корбогон ишти ким атып жатканын билбей эле суйлой бербе.Эл Бакиев деп жатса сен кайра Атамбаев дейсин да.
07.04.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Эми Бакиев жакшы адам болуп калган го
07.04.2017. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Mekush87,болуп калбай эле
болгон атан айты го озу ишенбесен сура барып
07.04.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
аттиң... кимге майрам, кимге аза күнү болгон күн...
07.04.2017. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Концертти жон эле койбоптурда
07.04.2017. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Адам деле барбаптыр, Тиги туу которуп баргандардан башка. Алар деле ак уй, кок уйдогулордун тааныш туугандары болсо керек.
07.04.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бугун жума куну Воркутадагы жузго жакын кыргыз мигрантары жума намазга барышып акыйкатсыз камалган Садыр Жапаров тезираак акталып камактан чыгышын куран окуушуп Алладан тилешти.
07.04.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кызыксыңар го... Концерт беретда Аташка,анан эмне аза күтсүнбү? Ушул күнү элди курал катары колдонуп Кыргызстанды жегени келгенине өкүнсүнбү? Албетте сүйүнүп концерт берет..

"7-апрель элдик революция болгон эмес,куралчандардын Ак-үйгө карата чабуулу болгон"-К.Бакиев.
07.04.2017. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LEGENDA.,Точна айтын ошол 7 апрелдин артынан Кой-Ташта хан сарайлар салын жататко.
07.04.2017. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай-бой булар деген мыйзамсыз бут жолду ээлеп алышыптыргоо кана милиция камагыла аларды же бизде эмне мыйзам бир гана оппозия окулдору гана иштейби.
07.04.2017. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7-март жакында майрам кун болуп кетпесе болду.ырдын кереги жок болчу барсам Гулнара Тойгонбаева ырдап аткан экен баса бердим.Гулнара эже арыктап калганбы кридит алса керек
SUPER.KG видео
07.04.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул куну аза кутуу куну эмеспи? Элди концерт менен алдап турайын дегенби?
08.04.2017. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийлик Байлык мансап акча жер шаан-шоокот кооз уйлор кортеждер алардын Кудайлары. Бирок Аллах жалгыз жана баарын коруучу билуучу. Ал биздин мансабыбызга же акчабызга зар эмес. Биз ага муктажбыз. Мен жалбарып сурайм. Кудуреттуу Аллах Таалам озу козун май баскандардын ордун корсотот. 7-апрелде,жакында 16-январдагы окуяда каза болгон жалпы 160ка жакын маркумдардын каргышы тиееер.
SUPER.KG видео
09.04.2017. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге аза кутуу куну ошол куну бийлике келген ажыдаарга майрам да
SUPER.KG видео
09.04.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул концертке кеткен акчалрга мал союшуп кураан окушуп этини жетим жесирлерге каары картандарга таратып беришсе откондорго сооп болмок кафырларда мындай кылышпайт
10.04.2017. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото сонун ойлор айтылыптыр... Мен да кошулам. Чындыгында, 24-мартты майрам катары (ошондо чыныгы революция болгон) а 7-апрелди аза кутуу куну катары калтыруу керек эле (менин оюм).
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: