Өмүрбек Бабанов: "Президенттик шайлоо жакындап келе жатат. Коюнунда котур ташы бар саясатчылар жалаа жаап баштады"

13:09 "Эртең эмне болорун эч ким айта албайт. Белиз окуясы сыяктуу мага деле жаңы сөздөр айтылып калышы мүмкүн. Азыр деле айтылып жатат го, "Жер-Үйдүн" 20 пайызы меники экендиги жөнүндө. Жалган жалаанын жарасы жаман".
13:07 "2015-жылы парламентке 28 мандатыбыз менен өтүп келгенде биздин фракцияга 1 да комитет бербей коюшканын айтып чыкканбыз. Ошондо айрым кичи фракциялардын депутаттары "биз сүйлөшүп алдык" деп коюшкан. Бүгүн чындыкты издеп жүргөн партияларга ушуну айтат элем".
13:05 "Жер-Үй" кенинин лицензиясы боюнча 100 миллион доллар каржы министринин эсебине келип түшкөн. Акчанын Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жумшалып кеткени боюнча так маалыматым жок".
13:04 "Жер-Үй" боюнча бир эле тиешем бар, "Альянс" компаниясын алып келгеним. Башка тиешем жок. Башка тармакка инвестиция салганга менде мүмкүнчүлүк жок. Пензадагы цемент заводу боюнча акционермин, бирок андагы үлүшүм чоң деле эмес".
13:01 "Хоббим жылкы эле эмес, китеп окуганды жактырам. Мурда саясий китептерди окусам, азыркы учурда экономика жаатындагы китептерди окуп жатам. Акыркы мезгилде спорт менен, тагыраагы фитнес менен алектенүүдөмүн".
13:00 "Менин мүлктөрүмдүн наркын так айта албайм. Экономикалык кырдаалга жараша болот. Бабановдун үй-бүлөсү жетиштүү камсыздалган десем болот".
12:59 "Президенттик шайлоого аттангандан кийин жеңишке жеткиче күрөшөбүз", - деди Бабанов.
12:58 "Менин жубайымдын бизнеси бар. Башка бир туугандарымдын да бизнеси бар. Менин кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүм, акчам бар. Жылкыларым да бар, баарыңар билесиңер".
"Убагы келгенде көрөсүңөр, боло элек ишти айтпай турайын. Оң жол мененби, сол жол мененби, борбордук жол менен кетемби убакыт келгенде көрөсүңөр", - деди.
12:46 "Президенттикке талапкер болом дегендерге айтар элем. Элибиз ак менен караны айырмалап калды. Кыргыз эли 2 революцияны баштан өткөрдү. Бирөөнү каралап, бирөөнү жалаага жыгып утам деген жаңылыштык. Элибиз кимдин ким экенин билип турат. 19-ноябрда алданбайт деп ишенем. Шайлоонун эртеси да болот. Жоопкерчиликти сезе билиш керек. Аттанып жаткандардын баарын эле каралай берсек, анда ким калат", - дейт Бабанов.
12:44 Өмүрбек Бабанов Өмүрбек Текебаевдин иши боюнча: "Ар бир нерсени сот чечиши керек, ар кандай сөздөр айтылды, ар кандай документтер көрсөтүлдү. Менде бул иш боюнча бир дагы документ жок. Бул окуя боюнча коркпой эле айтып жатабыз. Белиз боюнча пикиримди айткам. УКМКнын төрагасында жоопкерчилик бар экенин эскерткем. Өмүрбек Текебаевдин камакта отурушу өкүнүчтүү. Кыргыз саясатында орду бар киши. Калганын сот далилдесин", - деди.
12:41 "Азия цемент" заводу боюнча буларды айтты: "Орусиядагы бул ишканага Орусиянын мамлекеттик банкы кредит берген. Башкы директорун жакшы тааныйм, Кыргыз өлкөсүнөн болот. Мурда банк тармагында иштеген".
12:36 "Биринчи миллионду Казакстанда, мунай тармагында иштеп тапкам. Ал учурда мен 27-28 жашта элем. 1998-жылы декабрда Бишкекке келдим, 1999-жылы тыйыным бар болчу, унаага май куюучу жайларды куруп баштаганбыз. Ошондо Альянс компаниясынын айлантуудагы акчасы 150 миллион доллар болгон. Ал мезгилде 36 жашта элем".
12:23 "25 миллион долларга АКБ Кыргызстан банкын ачык айкын сатып алдык. Бүгүнкү күндө анда миңдеген жумушчу иштейт".
12:16 "Бабанов өлкөгө эмес, Орусияга инвестиция салып жатат деп айтып жатышат. Эмне үчүн Орусияда цемент завод курулду? Ал жерде бир канча инвестор бар. Мага тиешелүү компания инвесторлордун бири гана. 2005-жылы, Бакиевдин тушунда "Кыргыз пахта" заводун басып алып, бизди киргизбей, аягы асфальттын алдында жаткан кабелдерди чыгарып кетишкен. Ошентип биздин мүлкүбүздү тартып алып жатса, кантип инвестиция салабыз?"
12:13 "Өкмөт башчы болуп турганда эки бир тууган иним салык кызматында иштеп жаткан. Ошондо аларга кызматтан кетишиңер керек деп айткам. Азыр бир туугандарымдын эч кимиси мамлекеттик кызматта иштебейт".
12:12 "Биз инвестиция тартып келип жатсак, эмнеси туура эмес", - деди Бабанов.

12:01 "Алдыбызда президенттик шайлоо жакындап келе жатат. Кээ бир коюнунда котур ташы бар саясатчылар алдын ала жалаа жаап башташты. Ошондуктан журналисттер менен ачык айкын сүйлөшүүнү чечтим. Өзүңүздөр билгендей, Кыргыз жеринде сөз эркиндиги Кудайга шүгүр да. Бирок азыр кара пиар көп болуп жатат", - деди Өмүрбек Бабанов.
"Республика-Ата Журт" фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов бүгүн, 11-апрелде киреше булактары тууралуу маалымат жыйын өткөрүп жатат. Ал жыйындын башында экинчи жолу маалымат жыйын өткөрүп жатканын айтты. Биринчи жолу Чыныбай Турсунбеков менен биргеликте өткөнүн белгилеп өттү.
кошулду
Өмүрбек Бабанов: "Шайлоонун алдында мага жалаа жабыла баштады"

