super.kg logo

Жолдошу 3 баласы менен таштап кеткен Алтынайдын тагдыры SUPER.KG порталына жарыяланган соң, кайрымдуу адамдар жардам беришти

 
Юсуп Сайпиев
Алтынайдын үйү оңдоп-түзөөдөн өткөнгө чейин
Алтынайдын үйү оңдоп-түзөөдөн өткөнгө чейин
Алтынайдын үйү оңдоп-түзөөдөн өткөнгө чейин
Алтынай буга чейин ушундай шарты жок жайда 3 баласы менен жашап келген.

Жолдошу 3 баласы менен таштап кеткен Алтынай жашаган вагон оңдоп-түзөөдөн өтүп, кайрымдуу жарандар ага эми жылуу үйдүн ачкычын тапшырышты. Мындай жагымдуу кабарды Алтынай өзү SUPER.KG порталына билдирди.

"Башында бардык фонддорго барып жүрүп эч кандай пайда болгон эмес. Анан коӊшуларым SUPER.KG порталына кайрылып көрсөӊ деп калды. Бирок көп деле үмүттөнгөн эмесмин. Эл бар экен. Кайрымдуу жарандар үйдү толугу менен оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп, жылуулап, эки уулума жана кызыма өзүнчө бөлмө кылып беришти. Башында шарты жок бир эле бөлмөдө жашачумун. Баарына рахмат", - деп сүйүнгөн Алтынай көзүнө жаш алды.

Сырты кыш менен тосулган вагондун ичи-тышын оӊдоп түзөө үчүн 17 күн убакыт талап кылынган. Эшик, терезе, чатыр кайрымдуу жарандардын эсебинен бекер берилген.

Ак-Өргө конушундагы борбордук мечиттин имамы, Юсуп Сайпиев Алтынайга кандайча жардам берип калганын айтып, буларга токтолду.

"SUPER.KG порталына Алтынайдын тагдыры жөнүндө репортаж чыккандан кийин телефон номерин алып байланышып, жолуктум. Үйүн келип көргөндөн кийин эле ишке кириштик. Элден чогулган 40 миӊ сом усталарга, үйгө керектүү идиш-аяк, буюмдарга жумшалды. Эми төрт тоок, эки мүшөк жеми менен алып берели деп турабыз", - дейт ал.

Белгилей кетсек, март айынын аягында 3 баласы менен шарты жок вагондо күн кечирген 25 жаштагы Алтынай аттуу кыз тууралуу чагылдырганбыз. Ал бизге өзүнүн аянычтуу тагдыры менен бөлүшүп, жолдошу 3 баласы менен ара жолго таштап кеткенин кошумчалаган. Кайрымдуу адамдар Алтынайдын үй маселеси боюнча тилегин 1 айга жеткирбей орундатып беришти.






Вагондо жашаган келиндин үйү оңдоп-түзөөдөн өттү

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Комментарийлер(20)
24.04.2017. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Юсуп дамылаго.Аллах раазы болсун сизден.
Илими да өтө күчтүү бул кишинин.
24.04.2017. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Oylonkyrgyzym,кана молдолорго асылган revolyusiysa2,мындайда дымы корунбой калат.Тим радикал деп баштачу эле
24.04.2017. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
АллаХ ыраазы болсун кайрымдуу адам дардан. Сиздерге Алла жардам берсин. Көзүмө даш келип кетти.
24.04.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Куйоосу келип алса керек,уялбай.
24.04.2017. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Куйоосу жыртайып кирип келбесе эле эми,келсе киргизбеш керек.Кыргызда бирок атасыз осуп калат деп коп нерсени коздон откоруп коет,андай кылбай киргизбей эле коюшсун.
24.04.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Allah yraazy bolsun!kozumo jaw keldi... .
24.04.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Балдары бир жакшынакай экен омурлорун берсин,апсына куйумдуу балдар болуп чонойсун.
24.04.2017. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эми Алтынай намаз оку шарт бар.Дуа кыл коп коп баары жакшы болот ИншаЛлах
24.04.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушундай элге кереги тийген инсандар көбөйө берсин.
24.04.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
аябай кубанычтамын! мага жасагандай болду. элибиз кыйналбай жашаса экен. Кудайга шугур!
24.04.2017. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алла раазы болсун..кыргыз кыргызды кыйын кезенде да таштаган эмес бар бол кыргыз элим!!!
24.04.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошондо бул уй Алтынайдын озунуку болуп калдыбы туугандар
Жардам берген мекендештер Аллах ыраазы болсун
Медиа-портал
24.04.2017. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ассаламу алайкум кыргыз элим. Мен ошол фонддун жетекчисимин. Кудайга шүгүр деп , салым кошкон адамдарга ыраазычылык айтсаңыздар болду.

Анан бул үй Алтынайдын багып алган мээримдүү арасынын сиңдисинин үйү экенин айта кетейин.
Медиа-портал
24.04.2017. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Dadasdasd,Мээримдуу Аллахым сиздерден ыраазы болсун!
Медиа-портал
24.04.2017. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Алтынай эженин уйунун жанынан кундо отуп ,аябай боорум ачышчу эле..азыр уй соонун болуп калды.Жардам берген мекендештер..Юсуп байке Аллах ыраазы болсун..
24.04.2017. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаратканыбыз озу жардам берди десе болот,ар бир пенде себеп болот.
Медиа-портал
24.04.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушинтип жардам берели бири бирибизди которолу. Супер-Инфо рахмат силерге
Модератор admin_media түзөттү 2017-04-25 09:09:43
25.04.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көзүмө жаш алып көрдүм бул видеону. Жардам бергендерге Алла Таалам жакшылыкты, ыйманды эселеп берсин. Араңарда стоматолог болсоАлтынайдын тишин да оңдоп берсеңер жакшы болот эле. Анткени эне болгондо көп айымдарды тиши бузулат эмеспи.
26.04.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
deva, Саламатсызбы . Ооба бир жакшы тиш стоматолог менен суйлоштум. Баарын жакшы кылып жасап берем деди. Ал кайрымлуу инсан.
SUPER.KG видео
25.04.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жардам берген баардык мусульман бир туугандарга Аллахым ыраазы болсун сиздерден!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: