super.kg logo
  Спорт  

“Суперфутбол-2013” мелдешинде жеңишке жетүү үчүн "Актёрлор" командасы кызуу даярдык көрүүдө

 
Аскат Сулайманов "топту мына минтип тебет" деп дарбазага гол киргизди
"Дем" театрынын актёру Эркин Эгембердиев болушунча бийик секирип машыгууда
Марал Койчукараева: "23 жылдан бери топту бутумдун башы менен тепчүмүн, эми буттун капталы менен тепкенди үйрөндүм",- деп сүйүнүп, бутун чоюп жаткан кези
Алгач оюнчуларга денелерин жандандыруу максатында топ менен ойноо болду
Команданын капитаны Назым Мендебаиров өз командасы менен тааныштырууда
Марал зыпылдап ары-бери топ менен кошо чуркап жүрдү
"Чогулгула! Оюнду баштайлы. Келгиле эми экиге бөлүнөлү" деген актёрлордун сөздөрү жашыл майданда угулуп жатты
Оюн башталды
Назым мырза өзү топту атаандаштын дарбазасына чейин алып барып, бирок гол киргизе алган жок
Машыгуу оюнуна кечигип келген Камчы Сарыбаев дарбазачы болуп, "балдар, топту жакындатпагыла!" деп эмоцияга берилип, бөйрөгүн таянып алган кези

“Суперфутбол-2013” мелдешинде жеңишке жетүү үчүн "Актёрлор" командасы кызуу даярдык көрүүдө. Актёрлор бир гана сахнада же тасмада гана таланттуу эмес экенин көргөзүү максатында көк майсаң үстүндө машыгууларды өткөрүшүүдө. Айта кетсек, 13-майда команда капитаны, актёр Назым Мендебаиров өзүнүн командасындагы оюнчуларын чогултуп, кезектеги машыгуусун өткөрдү. Назым мырзанын айтуусу боюнча, актёрлорго атайын машыктыруучунун деле кереги жок экен.  

 

“Бизге машыктыруучунун деле кереги жок. Анткени актёрлор өтө назик, сезимтал адамдар болгондуктан, аларга үйрөтүүнүн кажети жок. Бизди мактап, жактап турса, балдар, кыздарыбыз кайра-кайра атаандашынын дарбазасына топ киргизишет”,- деди Мендебаиров.  

 

Айта кетсек, "Актёрлор" командасынын курамында Камчы Сарыбаев, Эркин Эгембердиев, Арнис Кыдыралиев жана кыздардын арасында  “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2012-жылдын Супер актрисасы” наамын алган Марал Койчукараева,  Жанара Барманова жана башкалар бар. Эске салсак, "Супер-Инфо" гезитинин “Суперфутбол-2013” мелдеши 17-18-19-май күндөрү Бишкектеги "Дордой" спорт-комплексинде орун алмакчы.   






Актёрлор Суперфутболго даярдык көрүшүүдө

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
14.05.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маралдын жаңыча боёлгон чачы көңүлдү бурат экен, керели кеч карап эле отурабыз го, эми...)))
SUPER.KG видео
15.05.2013. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери жок го
SUPER.KG видео
15.05.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир кыз топту кол менен кармаганы жүрөт, чыныгы оюнда андай кылбас деп калдым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: