super.kg logo
  Спорт  

Чемпиондук курга багыт... Ырысбек Тиленов RIZIN 55 турниринде жеңишке жетти (видео) 

 

Кыргызстандык мушкер Ырысбек Тиленов Японияда өткөн RIZIN 55 турниринде маанилүү жеңишке жетишти.

Бүгүн, 8-ноябрда өткөн мелдеште "Снос" каймана аты менен белгилүү Тиленов мурдагы чемпион Наоки Иноуэ менен беттешип, калыстардын чечими менен жеңиш Кыргыз мушкерине берилди.

Бул беттеш чемпиондук наамга талапкерди аныктоочу таймаш болду. Жыйынтыгында RIZIN уюму жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн кийинки беттешти расмий жарыялады.

Эми кыргызстандык Ырысбек Тиленов америкалык мушкер Дэнни Сабателло менен күч сынашат.

Эскерте кетсек, Тиленов июлда уюмдагы дебютун ийгиликт баштаган. Анда Шинобу Отаны нокаут менен жеңген. Ал беттештен кийин кыргызстандык мушкер учурдагы чемпион Сабателлону кийинки беттешке чакырып, ал чемпиондук курду тартып алуу үчүн келгенин билдирди.






Чемпиондук курга багыт... Ырысбек Тиленов RIZIN 55 турниринде жеңишке жетти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: