Алмазбек Атамбаев: "Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы көйгөйлүү өлкөлөргө барарын айтты"

Бишкекте "Таза коом" долбоорунун алкагында форум өтүүдө. Ага президент Алмазбек Атамбаев, БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш, өкмөт мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышууда. Иш-чарадагы расмий сөз сүйлөөдөн соң өлкө башчы жана меймандар журналисттер үчүн маалымат-жыйын өткөрүүдө.
Өлкө башчы А.Атамбаев: ”Антониу Гутерриш мырзанын Кыргыз мамлекетине келгенине кубанып турам. Дос таптым десем болот. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой жакынкы убакта ал Ош облусуна барат. Мен Гутерриштин биздин мамлекетке тез-тезден келүүсүн каалайм. Бирок ал көйгөйлүү мамлекеттерге бара турганын айтты. Биздин мамлекетте көйгөлөр жок экенин билдирди”, - деди.
Гутерриш: “Кыргыз өлкөсүндө маанилүү орун ээлеген президенттик шайлоо турат. Кыргыз демократиянын символу катары калат деп ишенем. Мен Кыргыз мамлекетинин аймактары алдыга жыла турганына ишеним артам. БУУ “Таза коомдун” өнүгүшүнө жардамын берет”, - деди ал. Атамбаев Гутерриштин форумга катышып жатканы эле чоң жардам экенин айтты. Баш катчы “Таза коомдун” ишке ашуусу үчүн үчүн жардамын аябай турганын билдирди.
Мындай пикирин утурлай президент Алмазбек Атамбаев: “Мен президенттик мөөнөтүм бүткөндөн кийин дагы Кыргыз мамлекетинде калам. Эгерде туура эмес иш жүргүзсөм, жооп бергенге даярмын. Шайлоодо стабилдүүлүк сакталат. Эгерде стабилдүүлүктү бузгандар болсо, алар камалат. Парламенттик шайлоодо эсиңиздерде болсо керек, кээ бирөөлөр "таза өткөн жок" деп чыгышты. Алардын катарындагы ораторубуз парламенттик шайлоодо депутаттыкка өтпөй калып чырдады. Анын өзү туулуп өскөн айылында канча добуш алганын текшертсек, ал жерден өтпөй калыптыр.
Журналист, саясатчылар биринчи кезекте мамлекетти колдош керек. Улугбек Бабакулов улуттар аралык кагылышууга алып келе турган социалдык түйүнгө пост жазыптыр. Кээ бирлеринин максаты саясий куугунтук менен чет өлкөгө баруу жана грант алуу экен. Биз саясий куугунтук менен грантты ойлобой, өзүбүздүн мамлекетибиз менен сыймыктанышыбыз керек. Биздин мамлекеттин өнүгүп жатканын бардык дүйнөдөгү өлкөлөр байкайт. Бирок биздин айрым саясатчы, журналист, укук коргоочулар Кыргыз мамлекетинин жаман жагын эле айтат. “Чочко кайсы жерден болсо дагы балчыкты издейт” деген сөз бар. 7 жыл мурун видеону көрсөм абдан жаш экенмин, чачым капкара экен. Ушулар менин канымды ичишти", - деди өлкө башчы.
Эл аралык форумдун алкагында "Таза коом" долбоору талкууланды


