Бишкекте эски аянтта Орозо айт намазы окулду








Бүгүн, 25-июнь өлкөдө Орозо айт майрамы. Буга байланыштуу Бишкекте, ар бир облус борборлорунда, райондордо, ири мечиттерде айт намазы окулат. Бишкекте айт намазы эски аянтта окулат. Учурда аянтка жакын жайгашкан Фрунзе көчөсү Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин, Абдымомунов көчөсү Панфиловдон Тыныстанов көчөсүнө чейин, Орозбеков жана Раззаков көчөлөрү Чүй көчөсүнөн Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылып, милиция кызматкерлери намазга келгендерди дыкат текшерип киргизүүдө. Тартипти эки миңдей милиция кызматкери көзөмөлгө алууда.
Намазга чогулуу саат 6:00дө болсо, намазга жыгылуу 7:30да болот. Бул аралыкта өкмөт башчы, шаар башчы сөз сүйлөп, муфтий баян айтат.
06:20 Аянтта муфтий Максат Токтомушев баян айтууда.
07:15 КРнын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, Орозо айт майрамы менен жалпы мекендештерди өкмөттүн жана өзүнүн атынан куттуктады. "Бул жылы мекендештерибиз жылдын эң узак жана аптаптуу күндөрүндө бир ай бою орозо кармашты", - деди өкмөт башчы. Андан соң сөз шаар башчысы Албек Ибраимовго берилди. Шаардын мэри калкка куттуктоо сөзүн айтып, кармаган орозолору кабыл болушуна тилектеш экенин айтты.
07:28 Орозо айт намазынын шарттары айтылууда.
08:05 Орозо айт намазы окулду. Аянтка кирүүгө үлгүрбөй, батпай калган тургундар аянттын сыртында намазга жыгылышты.
Айт намаз -2017: эски аянтта мусулмандар саждага баш тийгизди











1 |