Өлкөдөгү мектептердин 53 мугалими мамлекеттик сыйлыкка ээ болду












Өлкөдөгү мектептердин 53 мугалимине бүгүн, 12-июлда мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Анын ичинен 2 мугалим III даражадагы "Манас" орденине татыктуу болсо, 24 мугалим Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими наамын алды. 27 мугалим президенттин Ардак грамотасына ээ болду.
Жалпысынан сыйлык мыкты айыл өкмөт башчылары, ишкерлер, маданият өкүлдөрү, саясатчы, дарыгерлер, айыл чарбасын өнүктүрүүгө салым кошкон тургундарга болуп 141 адамга ыйгарылды.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун башчысы II даражадагы "Манас" ордени Сабырбек Жумабековго да ыйгарылды. Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында сыйлык тапшыруу аземинде президент Алмазбек Атамбаев дүйнөгө белгилүү хирургдар менен сыймыктанарын айтты.
"Сыйлык көп кишиге берилишин кошомат деп түшүнбөйм. Сыйлыктын баркын түшүрөт деп да ойлобойм. Анткени сыйлык берүүгө көп деле чыгым кетпейт. Бирок ошончо адам андан ары дагы күчтөнүп, жоопкерчилик менен иштегенге дем-күч алат. Жеке мен үчүн да бул сыйлык кубаныч, бирок мага маанилүүсү элдин берген баасы", - деди Жумабеков.
Ал эми "Даңк" медалын алган Бишкек шаарынын вице-мэри Айгүл Рыскулова буга чейин да бир канча сыйлыктар менен сыйланганын айтып, бирок ар бир сыйлыктын өз мааниси, жоопкерчилиги бар экенин кошумчалады.
Сокулук районунун Новопавловка айылдык мектеп-гимназиясынын директору Турум Сатарбаева билим берүүдөгү зор эмгеги үчүн КРнын Ардак грамотасы менен сыйланды.
"Биздин мектепте 138 мугалим эмгектенет. Мугалимдердин орточо айлык акысы 8-10 миң сомду түзөт. Мындай сыйлыктар мугалимдерге чоң дем болот. Мына бүгүн сыйлыктын басымдуу бөлүгүн мугалимдер алып жатат. Бул абдан кубанычтуу көрүнүш. Мен 30 жылдан бери мектепте иштеп келе жатам, ушул жылдардагы жемишим деп бүгүнкү сыйлыгымды эсептейм", - деди Сатарбаева.
Президенттин колунан 141 киши мамлекеттик сыйлык алды


1 |