Суусу шар аккан Суусамырда бизнес кантип күч алды? Кереметтүү Кыргыз жайлоосунан фоторепортаж




























Деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашкан Суусамыр жайлоосу кимдерди гана суктандырбайт. Кеңдиги 155 чакырымды ээлеген кенен жайлоо Бишкек-Ош жолун бойлой жаткандыктан ал жакты жайлагандардын негизги максаты - соода-сатык иштери. SUPER.KG порталы бул ирет туристтерге жана эс алуучуларга чыныгы жайлоонун шаңында кызмат көрсөткөн жылкычы-малчылардын жашоосу менен таанышып келди.
Түнкү саат 12ден өтүп калганда Бишкектен чыккан чыгармачыл топ көздөгөн жерибизге таңга маал жетип бардык. Алгачкы эле көз жоосун алган кооздук - бул жайлоонун таңы болду. Кырдан баш баккан Күндүн нуру тегиздикти толук жапканча, мал-жандык былк этпей уйкуда жатты. Аңгычакты кылкылдап Күн өзү көтөрүлүп чыга келди. Боз үйлөрдүн эшиги ачылып, эркек кишилер мамыда байланган атты токуп, дөбөтүн, тайгандарын ээрчитип тоо тарапка бастырып кетишти. Желеге жылкыны айдап түшкөнү кетти окшойт деп божомолдодук. Аңгыча тиричилиги эртерээк башталган үйгө барып, максатыбызды түшүндүрдүк.
Кыргыздын пейилинен айланса болот. Бейтааныш адамга эле дасторконун жайып, эшигин ача берген касиет кыргызда гана болсо керек. Таластан келип тиричилик кылган Даник Жолдошалиев аттуу жылкычы менен маектешип, бир күндүк турмушун көрдүк. Баарлашып отурганча тоо тараптан бир үйүр жылкы кулундары менен этекке түшүп келди. Адатта бээ саар маалы келгенде ичкен ашты жерге коюп, башка иштин баарын жыйыштырып саанга чыгуу керек экенин түшүндүрүштү. Ошентип желени көздөй бет алдык.
Бээлерди ар эки саат сайын саап алып туруу керек. Желеде 8ден 16га чейин жылкы жана 1 үйүргө 1 гана айгыр "башчылык" кылат. Саалган сүттү эс алуучулар желенин жанында эле күтүп отуруп, жылуу боюнча ичишет экен. Эгер жылкычынын үйүндө кардар-мейманы жок болсо, анда сабага куюп, ачытышат. Ышталган сабада кечке бышылган кымызды ары-бери өткөн жүргүнчүлөр токтоп, сатып алып кетишет. Биз барганда үй ээсинин үйүндө мейман жок экен. Гүлина айым неберелерин сүткө тойгузду.
Бээ сааган жумуштан сырткары ара-чолодо кыла койчу уй саан бар. Жайлоодогу аялзатынын түйшүктүү турмушуна чыдаш кыйын. Тогуз толгоо бир келгендей, үй кожойкеси Гүлина Жолдошалиеваны бардык жумуш биринин артынан бири сала күтүп турат. Бышылдап шилекейин агызып, көздөрүн бакырайткан музоолор энесин көздөй жулунуп турганда, уйларды да саап жетишиш керек. Сүтүн алып, торпокту салып эмизип, уйларды жайытка жөнөтүп жиберип, от жагып сүттү ысытуу керек.
Андан кийин сепараторго куюп, сүттүн каймагын бөлүп алып, кайра сүттү бышыруу керек. Эми кезек айран уютууга келет. Сүттөр муздап, айран уютууга даяр болгончо үй-бүлөгө чай берип да жетишүү керек эмеспи. Бул арада бээ саар убактын экинчи маалы да келип калды.
Баса, айран уюткан соң сүзмө баштыктарды бошотуп, мурунку күнү ичилбей калган айранды сүзмө баштыктарга куюу керек. Ал эми алынган сүзмөнү туздап, курут жайган ишти да ара чолодо жасамай... Курут дагы акча. Чоң тоголоктолгон куруттар 5 сомдон кем эмес сатылат.
Илгерки малчылардан азыркылардын айырмасы бар. Мисалы, жол жээктеп жайлаган жылкычылар меймандар үчүн атайын үй тигип ал жакта кадимкидей конокторду кабыл алышат. Бээнин саамал сүтүн 10 күндөп ичип, каймак, айран-сүткө тоюп, акчаңды төлөп коюп эс ала берсең болот. Шаардын ысыгы менен ызы-чуусунан тажап, бул жакка келгендер көп экен. Байма-бай каттаган эс алуучуларды көрүп, бизнестин бул түрү дагы бир топ эле жолго коюлуп калганын байкадык.
Ошентип Жолдошалиевдердин үй-бүлөсүнө ыраазычылыгыбызды айтып коштоштук. Меймандос үй-бүлө бизге кол булгалап узатышты. Кийинки сапарыбыз шаардан айылга түшүп, турмушка баш ийип калган, 30 жылдан бери куруттун түрүн жасап саткан айымдын үйүндө уланды.
Жайлоодогу аялзаты менен жылкычынын түйшүгү



Күн суйлом ортосунда кичине тамга менен эле жазылат да.
Бул жерде Күн системасы (планета) жөнүндө сөз болуп жатат, ошол себептен баш тамга менен жазылган. Башкача айтканда, асман телолорун Жер,Күн,Ай ж.б баш тамга мн жазабыз, ал эми 1 күн, 2 күн же 3 ай мурун деген сөздөр кичине тамга менен жазылат.