Кыргыздын "рафаэллосу" аталган курут тууралуу кызыктар. Мурч кошулган курут жедиңиз беле?











Кыргыздын "рафаэллосу" аталган курут Орто Азия элдеринин арасында өзгөчө азык катары саналат. Тамшанткан даам өтөсүнө чыгуу үчүн ага тузду кемитпей кошуу керек. Чет өлкөдөн келген туристтер куруттун курамына кызыгып көп сурашат экен. Биздин "рафаэллонун" акыркы жылдары кандай түрлөрү жасала баштаганын Суусамыр жайлоосун жайлап, туристтерге кызмат көрсөткөн Малина Бөкөмбаева айтып берет.
"Курут деген жакшы нерсе да. Балдардын эрмеги. Антейин десең чоң, кичине дебей тамшанып жеп, буюртма менен жасаткандар да бар. Чет өлкөдө туугандары барлар килограммдап алып кетишет. Биздин курут Орусиядан баштап, башка өлкөлөргө чейин жетет".
Курут жасоо үчүн атайын деле даярдыктын кереги жок. Уйдун сүтүнөн уютулган айранды чыпка сымал суу өткөргөн баштыкка куят. Болжол менен 2-3 күндүн ичинде суусу сарыгып, сүзмө даяр болот. Аны идишке салып, татымына жараша туз кошуп, түрдүү формага келтирип, күнгө жайып коюу жетиштүү.
Бул жалпыбыз билген жана жеп жүргөн салттуу курут. Ал эми бир көргөндө күмөн жараткан күрөң, кызыл, таргыл куруттарга эмне кошулат?
"Негизи мен куруттун көп түрүн жасайм. Силер айтып жаткан куруттарга талкан, чөбөгө, кызыл калемпир, мурч жана башка нерселер кошулган. Кимге, кайсы даам жакса тандап алып кете беришет. Туз менен кошо эле керектүү азыктарды татымына жараша кошуп, мыкчып, түрдүү формага келтирип, күнгө жайып коёбуз", - дейт Малина Бөкөмбаева.
Күнгө жайылган куруттар тоборсугандан кийин какшытып ысыкка таштап койбой чогултуп алуу керек. Эң башкысы бири-бирине жабышып, формасы бузулбашы керек. Эгерде күнгө кактап 2-3 күн жайып салса, биринчиден, майы эрип тактайга сиңип кетет. Экинчиден, күнгө какшып, даамы бузулуп калат. Үчүнчүдөн, таштай катып, тиш өтпөй да калат. Ошондуктан өтө кургай электе чогултуп алып, баштыкка салып туруп көлөкөгө илип коюу керек.
Баса, сүзмө жасоо учурунда дагы айран куюлган баштыкты колдон келишинче жабык жана көлөкөлүү жайга илүү кажет. Ачык жерде турганда чаң жугат, күн тийсе сырты катып кетет дагы, айрандын суусу чыкпай, ичиндеги айран ачып-кычып кетет. Баштыктын сыртына туруп калган кеберди кырып коюп туруш керек экенин да эске алыңыздар. Кебер сүзмөнүн даамын жана жытын бузат.
Сиз сүзмөдөн чыккан сары суу ашказан дартына миңдин бири экенин билчү белеңиз? Сүттүн курамында адамдын ден соолугуна пайдалуу көптөгөн заттар бар экени маалым. Ал эми айран уютулуп, сүзмөгө куюлган соң, андан сары суу бөлүнүп чыгат. Эгерде баштыктан тамган сууга идиш тосуп койсоңуз, анын ичи калай же эмаль экенине карабай аппак болуп тазарып калганын байкайсыз. Ушундай эле процесс ашказандын ичинде да жүрөт дешет элдик медицина менен алектенген адистер. Бирок сууну колдонордон мурун сөзсүз врач менен кеңешүү керек. Эгер ичүүгө уруксат берилсе, баштыктан агып түшкөн сууну эмес, айрандын өзүнөн калпып алынган сууну күнүнө ченеп ичип турууга болот. Ашказанында жарасы барлар жана ашказан кычкылы жогоруларга ичүүгө болбойт.
Каарманыбыз Малина Бөкөмбаева сөз арасында биздин чыгармачыл топту Суусамырда эс алып кетүүгө чакырды. Эгерде сиз дагы бул керемет жайлоодо эс алууну кааласаңыз, келерки макалабызда эс алуунун баалары жана көрсөтүлчү кызматтар тууралуу маалымат берилмекчи.
"Айылга момпосуй деп курут көтөрүп барабыз"






1 |