Балдар үйүнүн бүтүрүүчүсү: “Ата-энемдин көзүнө карап суроолорума жооп тапкым келет”



Адатта балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн көбүнүн келечек жолу татаал келет. Чөнтөгүндө бир тыйыны жок, курсагын тойгузууга шарты жок өспүрүмдөрдүн өз алдынча жашоого аттануусу кыйын. Балдар үйүнөн тарбияланып чыккан Кайрат Омурбек уулун баары бандит болот дешчү. Бирок ал жогорку билимге ээ болуп, алдынкы компанияларда иштеп көбүн таң калтырды. “Учурда бир компанияда IT-кызматкеримин, айына 500 доллар табам. "Google" компаниясында иштөөнү кыялданам. Батир алып, материалдык жактан өзүмдү камсыздоого жетишсем дейм”, - дейт Кайрат Омурбек уулу.
Татаал тагдырды башынан кечирип, өз ордун табууга, өз күчү менен жогорку билимдүү болууга жетишкен каарманыбыздын кызыктуу маегин "Супер-Инфонун" жаңы санынан (№772, 18-август, 2017-жыл) табасыз.
кошулду
"Супер-Инфо" гезитинин №772-жаңы санында...
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0


Талкуу жабык.