Бишкекке мамлекеттик иш сапары менен Өзбекстандын президенти келди















Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев 5-сентябрда президент катары Кыргызга биринчи мамлекеттик иш сапары менен келди. Аны "Манас" аэропортунан президент Алмазбек Атамбаев тосуп алды. Флагштокко эки өлкөнүн мамлекеттик туулары илинип, Ардактуу кароол тизилди. Кыргыз менен Өзбекстандын мамлекеттик гимндери жаӊырды.
Мирзийоевдин сапары 5-6-сентябрга пландалган. Коӊшу өлкөнүн президенти Бишкекте президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сапар Исаков жана Жогорку Кеӊештин спикери Чыныбай Турсунбеков менен жолугушууларды өткөрө турганы күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга 2016-жылдын декабрында иш сапары менен барып келген.
Бишкекке Өзбекстандын президенти келди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
8

