super.kg logo

Таза шайлоого үгүттөгөн митингден фоторепортаж

 
Митингге болжол менен 500дөн ашуун адам катышты
Митингди Бишкектеги маалымат каражаттары активдүү чагылдырды
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев
Митингди уюштургандардын бири Ринат Самудинов
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Гүлнара Журабаева, Атыр Абдрахматова
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров
Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко
Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев
Митингди уюштургандар Канатбек Азиз, Ринат Самудинов, Жанар Акаев
"Сат сат" ырынын автору, ырчы Сагынбек Момбеков
Митингди уюштургандар Канатбек Азиз, Ринат Самудинов, Жанар Акаев
Митингге катышууга келген саясатчы айымдар Камила Талиева, Асия Сасыкбаева, Наталья Никитенко, Алтынай Өмүрбекова
Коомдук тартипти көзөмөлдөөчүлөр
Жол коопсуздугун камсыздаган патрулдук милиция

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарындагы Ботаникалык сейил багында "Таза шайлоо" тынч митинги өттү. Бул акция күндүн суугуна карабастан өз убагынан кечиктирилбей башталып, эки сааттан ашык болду. Анда катышуучулар "Милиция эл менен", "Криминалсыз шайлоо", " "Бийлик булагы - эл", "Административдик ресурска жол жок!" "Зилалиевдер жоопко тартылсын" деген жазуулары бар плакаттары менен турушту. Жаштардын демилгеси менен уюштурулган митингде саясий маанидеги какшык ырлары менен белгилүү болгон "Сат, сат" ырынын автору Сагынбек Момбеков ырдады.

Иш-чарада Жогорку Кеңештин вице-спикери Алтынай Өмүрбекова, депутаттар Жанар Акаев, Наталья Никитенко, саясий ишмерлер Болот Шер, Бакыт Аманбаев, Эмилбек Каптагаев, Камила Талиева, Асия Сасыкбаева, активисттер Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков, Өндүрүш Токтонасыров, Эдил Байсалов жана башкалар катышты. Митингге келгендердин саны болжол менен 500дөн ашуун болду.






"Таза шайлоо" митинги: "Административдик ресурска жол жок!"

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: