Орустун белгилүү куудулу Михаил Задорнов каза болду
Бүгүн, 10-ноябрда орустардын белгилүү куудулу Михаил Задорнов дүйнө салды. Бул тууралуу орус маалымат булактары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, 69 жаштагы куудул 2016-жылдан бери баш сөөктөгү шишиктен жапа чегип келген. Ал эми ушул жылдын июль айынан тарта дарыланууну токтотуп, андан көрө жакындарынын жанында болуу көбүрөөк пайдалуу деп чечкен. Бирок оорусу тууралуу журналисттерге айтуудан баш тартчу.
"Бул нерсени элге айтып, коомчулуктун көңүлүн ашыкча бурдурууну туура көрбөйм", - дечү ал.
Михаил Задорнов 1948-жылы Латвияда туулган. Ал өзүнүн куудулдук өнөрү жана байма-бай койгон концерттери аркылуу таанылып, кийин "Аншлаг", "Смехопанорама", "Сатирический прогноз" аталышындагы күлкүлүү берүүлөрдү алып барган.
Автор: Наргиза Талантбекова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Жаткан жери жайлуу болсун(((