Атамбаев Жээнбековдун "Чык эшикке!" деген сөзүн эстетти

Бүгүн, 20-ноябрда жыйынтыктоочу маалымат жыйынында президент Алмазбек Атамбаев кызматтан эрте кетүү ою болгонун айтты.
"Кээ бир чечимдерди өзүм бүтүрүп кетишим керек болду. 24-ноябрда инаугурация өтөт, бирок мындан мурун кетейин дегем. Айрым иштерди өзүм бүтүрбөсөм болбойт экен. Ошон үчүн калдым", - деди Атамбаев.
Мындан тышкары ал жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков жумшак адам деген коомдогу сөз боюнча оюн айтты. "Жээнбеков жумшак адам дегендерге макул эмесмин.Убагында ал өз агасын ректорлуктан алып койгон. Ал таза адам, коррупция менен күрөшө алат. Жини келгенде Обамага "Чык эшикке!" деп коёт", - деп интернетте тараган мем видеону эстетип тамашалады Атамбаев.
Эске салсак, буга чейин интернетке "Эу, Обама, чык эшикке!" деген тамашалуу видео тараган.
Эу, Обама, чык эшикке!
Атамбаев Жээнбековдун "Чык эшикке!" деген сөзүн эстетти


