super.kg logo

"Элдик кабардын" декабрь айындагы жеңүүчүсү: "Миллиондон ашык калкы бар борборубузда эс алуу күндөрү балдарды бир эле бейтапкана кабыл алганы ойлондурду"

 

2017-жылдын эң акыркы, башкача айтканда, декабрь айынын жеңүүчүсү бул ирет Бишкек шаарындагы көйгөйлүү маселелердин бирин көтөрүп чыккан окурман болду. Жеңүүчү Дайырбек Сулайманов дем алыш күнү баласы сасык тумоо менен ооруп калып, Бишкектеги №3-балдар ооруканасына барып 4 саат кезек күткөнүн айткан.

"Ошол күнү дем алыш күн болчу. Балам ооруп калып, өзүбүз жашаган аймактагы ооруканага алып бардык. Ал жактагылар кабыл албай, врач жок деп кетирип жиберишкен. Андан соң Фучик көчөсүндөгү ооруканага алып бардык. Ал жактагы медайымдар дагы кабыл албай тургандыктарын айтып, №3-балдар ооруканасына баргыла дешти. Ленин районунун аймагынан бир да оорукана таппай, акыры №3-балдар бейтапканасына бардык. Кирсек бут коёрго жер жок. Балдарын көтөрүп бери дегенде эле 50дөй ата-эне кезек күтүп турган экен. Саат 11де барып кезек алдык. Ошентип күтүп отуруп кезегибиз саат 2де келип жетти", - дейт Сулайманов.

Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматына кайрылып төмөнкүчө жооп алдык:

"Шаарыбыздын тургундары өздөрүнө ыңгайлуу болгон бейтапканаларга кайрылып, тийиштүү жардамдарды алса болот. Ал жакта иштеп жаткан нөөмөттөгү врач бейтапты кароого алып, ага биринчи жардамды көрсөтүүгө жана абалына жараша белгилүү бир ооруканага багыттама берүүгө милдеттүү. Ал эми кышында №3-балдар ооруканасына кайрылгандардын саны көп болгондугуна байланыштуу кезек күтүүлөр болуп турат. Анткени кышында ОРВИ, сасык тумоо менен балдар көп ооруйт", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Жеңүүчү окурман бул кабарды жиберүү менен эмнени күткөнүн сурадык:

"Жылдан жылга Бишкек шаарыбыздын жашоочуларынын саны өсүп баратат. Жаңы конуштардын санын айтпай эле коёлу. Ал жактарда дагы адамдар көбөйүүдө. Миллионго жакын калкы бар баш калаада бир эле бейтапкананын кабыл алышы чоң көйгөй.

Мен сиздерге кабар жиберген соң, дароо интернетке чыкты. Ага чейин ошончо адамды 1 эле врач көрүп жаткан. Интернетке чыккандан кийин дагы 2 врач келди. Ошентип үчөө көрө баштады. Анан кезекте тургандардын арасы бир аз суюлду. Кезек күткөндөрдүн арасында бир гана жаңы төрөлгөн балдары менен келген ата-энелер гана кезексиз киргизилип жатты. Калганыбыз балдарыбыз бакырып ыйлап, ызы-чуу менен 3-4 сааттап турдук. Айтайын дегеним, азыр Бишкекте 4 район бар. Ошол райондордун ар бирине бирден кабыл ала турган бейтапканаларды ачып койсо же кандай гана бейтапкана болбосун, бейтаптар кайрылганда нөөмөттөгү врачтарды кабыл алууга милдеттендирип койсо болмок", - дейт жеңүүчү.

"ЭЛДИК КАБАРдын" 2017-жылдагы жеңүүчүлөрү:

2017-жыл, январь - кыргыз тилине туура эмес которулган афишалар тууралуу кабар жөнөткөн окурман (Бишкек шаары);
2017-жыл, февраль - Өзгөндөгү кооптуу ажаткананы айткан окурман (Өзгөн шаары);
2017-жыл, март - Өзгөн жолдорунун аң-чөнөктөрү топурак менен толтурулуп жатканы тууралуу кабарлаган окурман (Өзгөн району);
2017-жыл, апрель - Садыр Жапаровдун моюну кесилген сүрөтүн жиберген окурман (Бишкек шаары);
2017-жыл, май - Оштогу аттракциондун кулаганы тууралуу видеону жөнөткөн окурман (Ош шаары);
2017-жыл, июнь - Ананьеводогу жарылуу тууралуу видео жөнөткөн окурман (Ысык-Көл облусу);
2017-жыл, июль - Якутияда кыргыздар жашаган жатакана күйүп кеткенин кабарлаган окурман (Якутия).
2017-жыл, август - Туристтердин "Сулайман-Тоо" музейинин түштөнүүгө кеткен кызматкерлерин күтүп жаткандыгын кабарлаган окурман (Бишкек шаары).
2017-жыл, сентябрь - Балдары мектепке кабыл алынбай жатканын кабарлаган эне "Элдик кабардын" сентябрь айындагы жеңүүчүсү болгон. (Бишкек шаары).
2017-жыл, октябрь айы - Баткен облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүндөгү таракандардын көптүгүн кабарлаган окурман. (Баткен облусу).
2017-жыл, ноябрь айы - Ош шаарындагы өспүрүм балдардын түн ичинде суукка карабай кайыр сураган балдардын маселесин көтөргөн окурман ноябрь айынын жеңүүчүсү болгон. (Ош шаары).





"Элдик кабарга" маалымат чыккандан кийин бейтапканада дарыгерлердин саны көбөйдү", - дейт жеңүүчү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(9)
03.01.2018. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайм! Кандай сонун, маселени да жеткирип + телефон да утуп алуу!
03.01.2018. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нендилер, башка ооруканалар кабыл албай койду, деседа кымырабай туруп кабыл алууга милдетиуу дейтко эч ойлонбой. Анан бул министрлик, кышында жаш балдардын сасык тумоодон коп ооруп, кезек куткондор болгонун билип туруп эмнеге дагы 2,3 жерге ачып коюшпайт? Накта коррупционерлер ушулар акмактар, балдардын коп ооруганын билет экен, анан неге алдын алып, балдарды кезекте кыйнабай башка жакка ачышпайт манкурттар.
03.01.2018. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана акмакчылык!!!

Биздин саламаттыкты сактоо министрлигинин жообу ушулбу?!! Олкодогу саламаттыкты сактоонун абалы болгону ушулбу?!!

Кышында оору-сыркоо коп болоорун биле турушуп "атана бар, энене бар" деп ал жак, бул жакка жонотуп кыйнабай жетиштуу санда ооруканаларды иштетпейби, оорукана да, врачтар да бар болгондон кийин...

Ошондо да врачтар ар бир консультациясы учун уялбай акча сурашат, менчик ооруканада иштеп жаткансып...

03.01.2018. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыскасы ооруканалардагы тейлоонун сапаты, врачтардын шалаакылыгы боюнча биринчи же акыркы жолу соз болуп жаткан жок...

Саламаттыкты сактоо минитрлиги, анын басма соз кызматкери жумуштан кетиши керек, ар бир оорукана жетекчилери оздору жетектеген ооруканаларды иреттеп, андагы паракорлукту жое албаса, оздору да кызматтан кетип, бул боюнча сурак берууго даяр туруулары керек... Ошондой катаал тартип киргизилип, жоопкерчилик болгондо гана бейтаптарды сапаттуу тейлоо, кароо, дарылоо орун
03.01.2018. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында башка мамлекеттерде дем кундоруно карабай майрам кундору да соонун иштешет,аларды коруп суктанасын,бизде ото начар кеебир врачтар эчнерсе билбей эле келип калган акчанын кучу менен,направление жазганды гана билет,башка эчнерсе билбейт.
03.01.2018. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошо направлениени да тиякда бироолор айткандай тааныш билишине жиберет,ошол жакшы УЗИ деп,бирде ооруп калып Кара-Балтага болницалардын бирине направление берди,ошого барып калдым,узиге тушсом боюнда бар экен деп 1 жумада кел леди,1 жашар кызым бар болчу,эмизбе деди,макул деп 1 жумада бардым,текшерилсем боюнда жок дейт,кандайынча жок бардебединиз беле десем,билбейм каяка кеткенин деп коюп турат,ошодон кийин ошол узиге барбай койдум,частныйларга барам.
04.01.2018. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой бул Дайырбек тура молодец. 92-эле жылкы бала
SUPER.KG видео
04.01.2018. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын даарыгерлеринен дана миллицияларынан кудай озу сактасын.Эн коррупциялашкан жана эн арам кесип болуп калды бул эки кесип
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: