super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте шахмат боюнча өлкө чемпиондугу өтүүдө

 

Бүгүн, 4-январда Бишкек шаарында жайгашкан окуу жайлардын биринде шахмат боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиондугу старт алды. Анда жалпы 540тан ашуун шахматчы күч сынашып, алдынкы орундар үчүн таймашууда.

Мелдеште 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар жана кыздар катышууда. Алар 7 категорияга бөлүнгөн: 6, 8, 10, 12, 14, 16 жана 18 жашка чейинки категориялар.

Мелдештин жеңүүчүлөрү Дүйнөлүк жана Азия чемпиондуктарына катышат. Тактап айтканда, 1-орунду ээлеген спортчулар Дүйнө чемпиондугуна жолдомо алышса, 2-орунду алган спортчулар Азия чемпиондугуна катышууга жолдомо алышат.






Бишкекте шахмат боюнча өлкө чемпиондугу старт алды

Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Нурсултан Нурболот уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: