super.kg logo
  Спорт  

"Сыйкырчы" атка конгон 37 жаштагы футболчу Роналдиньо өзүнүн карьерасын жыйынтыктады

 

"Барселона" футболдук клубунун мурдагы оюнчусу жана Бразилия курама командасынын жарым коргоочусу Роналдиньо өзүнүн футболдук карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу футболчунун байкеси Роберто де Ассиш билдирди.

"Баары бүттү, Роналдиньо өзүнүн карьерасын жыйынтыктады. Эми биз Орусияда өтө турчу Дүйнө чемпиондугунан кийин Бразилияда, Европада жана Азияда ар кандай иш-чараларды уюштурабыз", - деп жазылган маалыматта.

Акыркы жолу футболчу расмий беттешке 2015-жылы "Флуминенсе" футболдук клубунун курамында чыккан. Роналдиньо 1980-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келген. Бала чагынан футболго кызыга баштаган "сыйкырчы" 7 жашында "Ланжендонк" футбол мектебине бара баштайт. Дал ушул мектептен Роналдиньо деген атка конгон футболчунун өз аты Роналдо де Ассис Морейра.

Футболчу өз карьерасын 1995-жылы "Гремио" футболдук клубунда ойноодон баштаган. Бул команданын курамында жаш футболчу көптөгөн ийгиликтерди жаратып бразилиялык футболдун жаңы чыгып келе жаткан жылдызына айланган.

2001-жылы оюнчу франциялык "Пари Сен-Жермен" футболдук клубу менен 5 жылдык келишим түзгөн. Бул футболдук клубда эки сезон ойноп жалпы 86 беттеш өткөрүп, 25 гол киргизгенге жетишкен.

2003-жылдын 19-июлунда Роналдиньону "Барселона" футболдук клубу сатып алган. "Барселонада" ойноп жүргөн мезгилинде футболчу мыкты оюн көргөзүп 2004-жылдын 20-декабрында ага ФИФАнын чечими боюнча "Жылдын эң мыкты футболчусу" деген наам берилген. Ал "Барселона" футболдук клубу үчүн жалпы 6 сезон ойногон.

2008-жылдын июль айында оюнчу "Милан" футболдук клубуна өткөн. Бул футболдук клубдун курамында 2011-жылга чейин оюн көргөзгөн.

Мындан сырткары Роналдиньо "Фламенго", "Атлетико Минейро", "Кераторо" футболдук клубдарында оюн көргөзгөнгө жетишип, футбол тарыхында өзүнүн ысымын калтыра алган. "Сыйкырчы" футбол күйөрмандарынын эсинде өзүнүн кайталангыс голдору жана оюн талаасында көргөзгөн өзгөчө бийлери менен калды.






Бразилиялык футболчу Роналдиньо карьерасын жыйынтыктады

Автор: Айзада Тураркулова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
17.01.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атангору футболчунун баары эле Роналдо турбайбы.
17.01.2018. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кыйыны Месси
18.01.2018. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы екен анда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: