super.kg logo

Тоодо лыжа жана жылгаяк тебүүдө эмнелерге көңүл буруш керек?

 

Шаардын ызы-чуусунан тажаган тургундар кышында тоого барып лыжа, сноуборд жана жылгаяк тебүү менен көңүл ачышат. Лыжа жана сноуборддун сүйүүчүлөрү атайын тоо-базаларын тандаса, жылгаяк тебүү үчүн тургундар жакынкы ылайыкташкан тоолорго барат.

Лыжа тебүү спорт же эс алуу катары абдан кооптуу. Анда сүйүүчүлөр гана эмес, профессионалдар дагы жаракат алышы толук ыктымал. Ал эми коопсуздук эрежелери сакталбаса эс алуу кырсык менен да жыйынтыкталышы мүмкүн.

Лыжа тебүү үчүн алгач лыжа тандоону билиш керек. Лыжанын кыскасы жана узуну бар. Кыска лыжа тоодон түшкөнгө ылайыктуу болсо, узун лыжа түз жерде тепкенге ылайыктуу. Кыска лыжа бойго ченегенде ээгиӊизге же мурдуӊузга чейин жетиш керек. Ал эми узун лыжа өйдө көтөргөн колуӊуздун учу тик турган лыжанын узундугуна жеткидей болушу керек.

Нускоочунун айтымы боюнча, лыжаны бойго гана ченебей, салмакка дагы ченеп алуу керек.

"Лыжаны эс алуучу өзүнүн салмагына жараша тандаш керек. Эгерде кишинин салмагы 60 килограмм болуп, ал эми лыжа 100 килограммга ылайык болсо, лыжа буттан чыкпай калып кулаганда кишинин буту сынат", - дейт тоо-лыжа базасынын нускоочусу Жанышбек Токторбек уулу.

Ошондой эле нускоочунун айтымында, лыжага алгачкы жолу туруп жаткандар сөзсүз нускоочу менен үйрөнүш керек. "Нускоочусуз үйрөнөм дегендердин көбү туура эмес тээп жаракат алышат. Алардын көбү колун чыгарып, бутун кайрып жана акырегин сындырып алышат. Айрым эс алуучулар тоонун башына чыгып ылдый түшө албай калышат. Аларга биз жардам берип түшүрөбүз".

Лыжа тебүүнүн алдында алгач денени жибитип алуу керек. Тагыраагы, дароо эле лыжага секирип "мине" калбай, 15-20 мүнөттөй жөнөкөй көнүгүүлөрдү жасоо зарыл. Ал учурда силерге дене тарбия сабагынан өткөн көнүгүүлөр жардамга келет.

Лыжа тебүүдө денени теӊ салмакта кармоо керек. Ал үчүн лыжанын таякчалары жардам берет. Жаӊы шайманды "мингенден" кийин дароо эле тебе калбаӊыз. Алгач лыжанын салмагын, жердин тайгактыгын толугу менен сезип алуу кажет.

Лыжа тебүүдө лыжачы өзүнүн мүмкүнчүлүгүн, күчүн жана тажрыйбасын акылдуулук менен баалоо керек.

"Лыжа тебүү учурунда жыгылгандар көбүнчө булчуңдарын жана тарамыштарын чоюп алышат. Жыгылып калган лыжачы этият болуп тез кыймылдарды жасабаш керек. Анткени чоюлуп калган тарамыш үзүлүп кетиши мүмкүн. Жаракат алганда сөөктүн чыгып же сынып кетүүсүн күчөтүп албоо үчүн жаракат алган жерди бекем таңуу керек. Өзгөчө баштын жана белдин жаракатына жакшылап көңүл буруу зарыл. Ал баш оору, жүрөгү айланып кускусу келүү менен билинет. Бардык жаракат алган учурларда дарыгерге кайрылыш керек", - деп кеңеш айтышат дарыгерлер.

Лыжа базасында эс алып жүргөн Умар Жалиев кичирээк кезинде оор жаракат алганы менен, лыжа тебүүнү токтоткон эмес. Умар Жалиев бул тууралуу төмөнкүдөй айтып берди.

"Лыжа же сноуборд тээп эс алуу үчүн кышты аябай күтөм. Лыжа тебүүнү кичинекей кезимде эле үйрөнгөм. Анда мен досторум менен келип, алгач лыжага тургам. Башында бардык адамдардай эле кулап, токтой албай коркуп жана сайларга кирип кеткен учурлар болгон. Эң оор жаракатты 4-класста окуп жүргөндө алгам. Анда бутума чоң бут кийим кийип алып кулап, бутумду сындырып алгам. Ошондон кийин 2 жылдай коркуп лыжа тепкен жокмун. Кыш келгенде лыжа тебүү үчүн тоо-лыжа базасына жума сайын келгенге аракет кылам. Биринчи досторум менен келсем, андан кийин кесиптештерим же туугандарым менен келем", - дейт Умар Жалиев.

Кооптуу эс алуунун бири - бул жылгаяк тебүү. Бишкек шаарынын чекесиндеги тоодо жылгаяк тебүү үчүн көптөгөн эс алуучулар келишет. Алар дөңгөлөк камерасын алып, тоонун башынан адреналин менен ылдый түшүшөт. Бир дөңгөлөк камерасына 3-4 адам отуруп алганы үчүн жердин тартуусу аларды жогорку ылдамдыкка жүргүзөт. Түз эмес жерлерге келгенде дөңгөлөк камерасы секирип, жүргүнчүлөрдү кулатып салат. Мындай учурларда жаракат алгандар көп болот.

Коопсуз жылгаяк тебүү үчүн алгач түшө турган тоонун түздүгүнө көңүл буруп жана ошондой эле алдыдагы тоскоолдуктарды байкоо зарыл. Эгерде жылгаяк тээп жаткан жайда унаалар, зым-карагайлар же малдар бар болсо башка ылайыкташкан жерди тандоо керек. Жылгаяк тебүүчүлөр дөңгөлөк камерасына отурууда салмакты тең бөлүштүрүп тебүү керек. Мисалы, салмактуулар алдына отурса, жеңилирээктер артына отуруп алса болот.

Жогорку ылдамдыкта бараткан жылгаякты токтотуу бир топ кыйынчылыкты жаратат. Эгерде катуу бараткан баллондун алдында тоскоолдук пайда болсо, баллондун жүргүнчүлөрү капталга жыгылып, түшүп кетиши туура чечим болот.

Ошондой эле көп көлөмдө жааган кардын кесепетинен Бишкек шаарында тайгалак жолдон кулап, акыркы 7 күндө 49 киши медицина кызматкерлерине ар түрдүү жаракаттар менен кайрылган. Тайгалак жолдо басууда эң негизги 3 эрежени сактоо зарыл. Алар тең салмакты кармап басуу, шашпай, чукул кыймыл-аракет жасабай басуу жана 2 колду чөнтөккө салбай басуу (тайгак жолдо басуудагы коопсуздук эрежелери менен бул шилтемеден окуй аласыңар).

Кошумчалай кетсек, тайгак жолдо басып бараткан кары-картаңдарды жолуктуруп калсаңыздар ал жерден жетелеп өткөрүп коюуну сунуштайбыз.


кошулду





Көчөлөрдө көк жылгаяк. Кышкы кырсыктардан сактангыла!

Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
18.01.2018. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10-класс кышында, мугалимдердин барбагыла дегендерин укпай классташтар болуп бекинип барганбыз. Ошол куну болушунча жыргап анан акыркы жолкусун 6-7 окуучу болуп тееп тушуп бир кыз колун сындырып алган, эти айрылып кеткен.
Ошол кыз кийинки куну жолдон жыгылып кеттим деп келип баарыбызды сактап калган жазадан.
18.01.2018. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Азыр кобу баллондон жыгылып жаракат алып жатышпайбы. Ошодон сактануунун эн бир керектуу жери бир баллонго 3-4 киши отуруп тепкенде алар бири-бирин кучактап отурбастан баллондун эки жагын кармаш керек.Бир киши оосо баарын кулатат эгер кучакташып алышса. Ошол учун баллондун эки капталына тенттинде кармагычтары болууга тийиш. Ошондуктан кардарлар баллон аренда кылып жатканда капталында кармала турган жерлери барбы ошонусуна конул бургула
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: