super.kg logo

"Жыргаганымдан минтип жүргөн жокмун. 10 сом берчи..." Үй-жайсыздар баш калкалоочу жайдан фоторепортаж

 
Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу приют

Учурда Бишкек шаарында үй-жайсыз калгандар үчүн баш калкалоочу муниципалдык мекемелер иштөөдө. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, кыш мезгилинен тартып бүгүнкү күнгө чейин көчөдө калган 100дөн ашуун адам аталган жайларга кайрылышкан. Бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталы Бишкек шаарындагы айрым баш калкалоочу жайлардын жашоо-шарты менен таанышып кайтты.

Алгач Свердлов райондук өнүктүрүү башкармалыгындагы баш калкалоочу жайга баш бактык.

Свердлов райондук өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Аскарбек Мамаев: "Жыл сайын ноябрь айынан тартып үй-жайсыз калган адамдарга ушундай баш калкалоочу жайлар ачылат. Бирок күн суук болгон сайын киши көбөйүүдө. Бул жайдагыларга кечкисин бир маал ысык тамак берилет. Көмүр, отун түшүрүлгөн. Алардын коопсуздугу боюнча аймактык тескөөчүлөр менен медицина кызматкерлери иш алып барышат", - деди Мамаев.

Аталган жайдын ичине киргенде эле жагымсыз жыт каӊырыкты жарып кетти. Бири тереӊ уйкуда жатса, экинчиси жаӊы эле "Тез жардам" кызматынын унаасы менен алынып келген. Мас абалында кыйкырып, сөгүнүп жаткан 36 жаштагы үй-жайсыз калган жаран: "Мени бул жакка көчөдөн "Тез жардам" алып келди. Эжеге рахмат. Жыргаганымдан минтип жүргөн жокмун. Үй-бүлөм жок. 10 сом берчи..."

Ал эми көчөдө калган адамдарга кийим-кечектерди алып келгендердин бири Асел Касенова: "Биз жыл сайын кайрымдуулук акцияларын өткөрүп турабыз. Бүгүн аларга жылуу кийимдерди алып келдик. Мындан ары көчөлөр боюнча рейд жүргүзүп, селсаяктарга ысык чай беребиз", - деди.

Бул жайдан чыгып, Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгына караштуу баш калкалоочу жайга да баш бактык.

Сталбек Эсенгулов, аталган башкармалыктын адиси: "Учурда биздин бул жакта 50дөй киши жашап жатат. Алардын көпчүлүгү улуу муундагылар, арасында жаштар да бар. Негизи алар кечкисин түнөө үчүн келишип, эртеӊ менен кетип калышат. Мажбурлап кармай албайбыз да. Биттеп келгендерди жуунтуп, кийимдерин алмаштырабыз. Мындан тышкары жууркан-төшөк, дары каражаттары жана 3 маал ысык тамак берилет. Тамак-аш, кийим-кечектерин көтөрүп демөөрчүлөр да келип турушат", - дейт.

"Тез жардам" кызматынан билдиргендей, учурда атайын 37 топ иштейт. Бирок алар жетишпегендиктен 10дон ашуун чакыруу кезек күтүп калышат. Күнүнө 600гө чейин чакыруу түшсө, анын 450сүнө барып жардам көрсөтүшөт. Калгандарына телефондон консультация берилет.

Болотбек Абдылдаев, "Тез жардам" кызматынын директорунун орун барасы: "Учурда селсаяктардын көйгөйү чекеге чыккан чыйкан болду. Өзүн карабаган адамдын өзү оорулуу да. 25-январь күнү эле 14 үй-жайсыз адамга жардам сурап чакыруу түшкөн. Алардын тогузу баш калкалоочу жайга, үчөө Бишкектеги Улуттук хирургиялык борборго, бирөөсү психикалык ооруканасына жеткирилип, бирөөсү эч жакка барбай ордунда калган".

Эскерте кетсек, Бишкекте январь айынын башынан бери үй-жайсыз 15 адам суукка тоңуп каза болгон.

Учурда Биринчи Май райондук администрациясына караштуу “Коломто” муниципалдык мекемеси, Ленин райондук администрациясында "Кайрымдуулук борбору" коомдук фонду, Октябрь райондук администрациясында 50 кишиге ылайыкташкан баш калкалоочу жай жана Свердлов районунда да ушундай жайлар ачылган. Аталган мекемелер менен байланышуу үчүн:

Биринчи Май райондук администрациясына караштуу “Коломто” муниципалдык мекемеси: Жибек Жолу-Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде. Сурап-билүү телефону: 0 (312) 304-855.

Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы: 12-кичи району, Аалы Токомбаев көчөсү ("Тазалыктын" имараты) Сурап-билүү телефону: 0 (312) 426-447.

Свердлов райондук өнүктүрүү башкармалыгы: Фере 34-а, 0 (312) 580-368, 0 (556) 56-46-56;

Ленин райондук администрациясынын "Кайрымдуулук борбору" коомдук фонду: Сурап-билүү телефону: 0 (312) 644-871.


кошулду





Үй-жайсыздардын өлүмү 15ке жетти. Бишкектеги баш калкалоочу жайлардын абалы кандай?

Автор: Максат Орозумбетов
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(22)
26.01.2018. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ушунун баары арактын айынан жана озуну таштап салгандан келип чыгат.
26.01.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
Ушуларга бир ишкана болсо көчөдө үй жайсыз калгандарды мажбур түрдө иштетип арактан арылганда толук кандуу жашоого кое берилсе,болбосо алты саны аман килейген эле адамдар кыш келгенде даяр тамакты жеп жатып көнүшкөн да,андан көрө балдар үйүнө бөлүнсө ошол акча,буларды иштетиш кк багып жата бербей.
26.01.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nevestkaa,

Созунузго толугу менен кошулам окурман.
26.01.2018. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Буларды эрте мн кетип кеч келишине жол бербеш керек.Даяр уй тамака журо беришет ичип койуп келип жатып туруп.Андан коро жаш эле эркектери да коп экен аялдарда иштетип бир жерге саары алып кетип ишке кеч алып келиш керек арак ичкенге мумкундук бербеш керек. Эмне дейсинер? Каарыларын мейли
26.01.2018. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
ушундай жумушка жарамдуу жаш адамдар болсо жумуш бар. жатакана тамак ашын берем.короодо мал карашып турсун.бирок буларга жакшы жака чакырсан туура эмес корот
26.01.2018. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иштейин десе иш орундары жок, анан кантсин??
Арасында ичкиликке берилгендерди деле куноологум келбейт,алан да жумуштун жоктугунан, каражаттын жоктугунан ушул жолго тушуп кеткендердир???
Мынакей КРнын Окмотунун жузу ток этээр жерин айтсам!!
26.01.2018. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Medina87, ар бир адам озунун жашоосуна жоопкер. Бул эрки жоктуктун, жалкоолуктун азабы . Эмне иш жокпу курсак тойгуза турган буларга ылайык. Иште десен качышат , онуккон олколордо да толтура буга окшогон жанбактылар. Озунуку аз келгенсип чойрого зыян келтирип журушот. Айла жок, социалдык колдоого муктаждардын арасына кошулуп канчалаган акчалар сарпталып атат буларга.
jasgul түзөттү 2018-01-26 21:39:50
26.01.2018. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Medina87, Эмне болсо эле бийлике мамлекетке асылабыз. Кудайга шугур кылалы урматтуу бир тууганым негизгиси коз караныдысыз эгемендуулугубуз бар. Жана да элдин пейилине жараша падыша болот деген жери бар.
26.01.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
muni.98-98,
Урматтуу бир тууганым деп келекелебей эле суйлосонуз жана да менин жеке пикириме сын айтпай оз коз карашынызды жазып кете берсениз болот!!
Эгемендуулукко келсек;26 жылдан берки эгемендуулуктогу жетишкени ушубу Окмоттун "ПРИЮТтарды" ачып???

27.01.2018. 07:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
muni.98-98, "элине жараша башчы болот" ким айтса да .... жептир, дооруптур...

Союз кулаарга жакын кыргыз, казак, озбеги баары бирдей Союздун адамдары болуучу, бардык элдин пейли ток болуучу... Союз кулады да, казактарга акылман лидер келди. Озбектерге патриот, катуу колдуу адам келди. Ал эми бизге акмак келди.

Кана ошондо элине жараша башчы деген создун чындыгы?!!

27.01.2018. 07:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
muni.98-98, шугур кылнан жакшы го, бирок учурда шугур кыла турган да абалын жок... Кыргызстанда эмгекке жарамдуу 2,5 миллион адам болсо, анын 1 миллиону, б.а. 40%ти тышта талаалап журот дуйнонун торт бурчунда. Олкодо жумуш жоктугунан, уй-булосу ач калганынан талаалап журот... Окмот болсо карыз устуно карыз алып жатат, онолгон эч нерсе жок. Ошончо карыз алып бир завод куруп койгон жери жок Окмоттун...
27.01.2018. 07:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
muni.98-98, Орустар карыздын ордуна Колду сураса, Кытайлар Кыргызстандын баарын сурайт ошончо карыз берип, ошол карызынын ордуна бул кетиште... Ошондо эмнене шугур кыласын?!!

Олко боюнча канча алтын-кумуш кени болсо, баары казылып, ташылып, тонолуп жатат, ошончо алтын казылып да олкого пайдасы жок, Окмот тыштан карыз алат, эл тентип журот.
Too-tash түзөттү 2018-01-27 07:32:47
27.01.2018. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
muni.98-98,Эгер ошол алтындар жакшы бир олконун колунда болгондо, бул альындарды мамлекет озу казып, алтындан тушкон пайдага ондоп-жуздоп ири завод-фабрика куруп, жуз миндеген жумуш орундарын тузуп, экономикасын гулдотуп коймок.....
Too-tash түзөттү 2018-01-27 07:33:06
26.01.2018. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Medina87,Мамлекетке догурунуп эле
басып жүрөт экенсиз да!
27.01.2018. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Medinaa,
Мен уялам сен уялбасан! Биздин КРнын сайттарын канча деген адамдарды окуйт. М; Мен Алматыдан иштейм, коллектив арасында айтышат биздеги болуп жаткан жанылыктарды. Приют ачканча завода фабрика Дарья ачып мактанышса болбойбу Окмот?!
26.01.2018. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Корсом боорум ооруйт. Окмот же уй-булоосу куноолуу эмес! Материалдык, моралдык кризиске тушкондор, жалкоолор деп ойлойм. Адам кээде турмуштун соккусуна туруштук бере албай, женилип берет. Баарынан кол жууп, тентип уй-жайсыз адамга айланат. Атайын программа иштелип чыкса селсаяктарды жоготуу мумкун эмес, бирок санын кыскартса болот.
27.01.2018. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өздөрү күнөлүү, иштей турган адам бардык жерде ордун таап иштейт. Бекер тамака көнүп алып жүрүшөтда
27.01.2018. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
-Кайдан келмек элем?, кочодон келдим.
-Жашым канчада болмок эле, 36 да.
Кээ кундору соолуга тушкондо "Ата-энем кандай гана ой-тилектер менен чонойтту эле? Максаттарынын баарына жетип, жыргап жашап жургондордон эмнем кем? Неге МЕН ушундай абалга туш болдум?!!" деген ойлор мээсин жеп, ушул ойлордон жалгыз гана арак куткарчуудай кайрадан аны издеп жонойт. Кайрадан утурумдук алдануу, кайрадан ошол ойлор, кайрадан... Айлангочок. Тунгуюк.
SUPER.KG видео
28.01.2018. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бербеш керек буларга тамакты!!! Чогултуп иштетиш керек!!! Жок дегенде кочолррду тазалаткыла жеген тамагын актап жесиндер.
SUPER.KG видео
28.01.2018. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы,админ ушул видеону кантип кочурсом болот?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: