Үй-жайсыздар баш калкалоочу жайдагы аял: "Бул жерде менин күйөөм бар, аны сүйөм, ошон үчүн үйгө барбайм"








Өткөн сутка ичинде "Тез жардам" кызматына көчөдө калган 14 адамга чакыруу түшкөн. Алардын тогузу үй-жайсыздар баш калкалоочу жайга, калганы ар кандай себептер менен ооруканага жеткирилген. Учурда Бишкек шаарында 4 үй-жайсыздар баш калкалоочу жай иштөөдө. Аталган жайда баш калкалап жаткан Наргиза аттуу айым жакшы жашоодо жашагысы келерин бүгүн, 26-январда SUPER.KG порталына айтып берди.
"Мен бул тагдырга арак ичип туш болдум. Менин кейпимди кийбегиле. Жолдошум каза болуп калгандан кийин августтан бери ушул жакта жашайм. 7-класста окуган балам бар. Өзүм кайсы жерден келгенимди айтпайм. Үйдөгүлөр мени издеп жатышат. Бул жерде менин күйөөм бар, аны сүйөм, ошону менен бактылуу болгум келет. Ошон үчүн үйгө баргым келбейт. Бул жерде тамактары жакшы, кары кишилерди да карайм. Мен деле жакшы жашоодо жашагым келет, бирок ага арак тоскоолдук кылып жатат. Аракты ичем, аракты сүйөм, арак үчүн өлөм. Акча берсең дагы арак ичем. Ооруканага барып кан тапшыргам, эч жерим оорубайт, таптазамын. Бизди кармап кеткен милиция байкенин "отметка" алганы эле болбосо калганынын баары жакшы", - деп көзүнө жаш алды Наргиза.
Белгилүү болгондой, учурда үй-жайсыздарды кабыл алуу үчүн Биринчи Май райондук администрациясына караштуу “Коломто” муниципалдык мекемеси, Ленин райондук администрациясында "Кайрымдуулук борбору" коомдук фонду иштеп, Октябрь райондук администрациясында жана Свердлов районунда убактылуу баш калкалоочу жай ачылган.
кошулду
Үй-жайсыздардын өлүмү 15ке жетти. Бишкектеги баш калкалоочу жайлардын абалы кандай?


КРнын Окмотунун Жумушсуздардын колониясын тузуп, ушул кундордогу аномалдуу сууктан пайдаланып оздорун ПИАР этишкени учунбу??
А тиги баш калкалоочу жайда жыргатаарлык эмес экен. Эски эле имаратка от жагып биртке тамак берип коёт окшойт. Бирок кочодо тонуп калганча алкашдарга боло берет дечи.