super.kg logo

"Ош базардагы" өрт: "Салыкта унутулбайбыз, өрттөн кийин абалыбызды сураган бир да эл өкүлү болгон жок" дешет соодагерлер

 

Кечээ, 30-январда Бишкек шаарында жайгашкан "Ош базарынын" кире беришинде жайгашкан соода күркөсүнөн өрт чыгып аз убакыттын ичинде башка соода орундарына тараган. Соода борборунун 1-кабатын жана жер төлөсүн кошкондо 3 миң 500 чарчы метр жер күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 100дөн ашуун соодагер жабыр тарткан.

Алар бүгүн да окуяга ишенгиси келбей, тилсиз жоонун айынан күлгө айланган товарларын көздөрүнө жаш алып карап турушат. Эртеңки күнүн ойлонгон соодаргерлер бүгүн, 31-январда өрт катталган базардын жетекчилиги менен жолугууга келишти.

Жабыр тарткандардын дээрлик баары соода кылган жерди ижарага алып, товарды болсо насыяга, үстөк пайызы менен акчага алып оокат кылып жатышканын билдиришти. Көпчүлүк соодагерлер үй-бүлөсүн дал ушул соода-сатыктан тапкан акчасы менен багарын, эми эмне кылып каражат табарын билбей тургандыгын айтышты.

"Ош базарында" соода кылып үй-бүлөмдү бакканыма 10 жылдын жүзү болду. Мындай окуя болуп кетет деп эч ким күткөн эмес. Бул жакта тургандардын баарынын моюнунда эки-үчтөн насыялары бар. Ал насыяларды өз убагында төлөбөсөк, күрөөгө койгон үйлөрүбүздү банктар алып коёт. Анда канчалаган үй-бүлөлөр талаада калат. Өрт кечээ болсо, базардын жетекчилиги биз менен бүгүн гана жолугушуп отурат", - деп билдирди өрттөн жабыр тарткан Канимет Додонова.Канимет Додонова,  соодагер.

Ошондой эле Додонова базардын жетекчилиги тарабынан тиешелүү көңүл бурулбай жаткандыгын билдирип, өрттүн келип чыгыш себептери тууралуу эч кандай маалымат берилбей жаткандыгын кошумчалады.

Өрт чыккан 2 кабаттуу "Сейтек" кичи базарында кийим-кечектер сатылчу, буга байланыштуу чыккан өрт аз убакыттын ичинде күчөп өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам иш-аракеттерине карабастан, товарларды сактап калганга мүмкүн болгон эмес. Өрт көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Таалайбек Өмүрзаковдун билдиргенине таянсак, өрт өчүрүү кызматынын негизги максаты - ошол маалда өрттү чектеп башка жерлерге жайылып кетпөөсүн көзөмөлдөө болгон.

Өрттөн жабыр тарткан соодагерлер менен жолугууга келген "Сейтек" кичи базарынын жетекчисинин орун басары Сабырбек Сакинбаевдин айтуусунда, өрт эмнеден келип чыккандыгын аныктоо үчүн Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекция 10 күн керек экендигин билдирген.

Сабырбек Сакинбаев "Бүгүн өрттөн жабыр тарткандардан атайын топ түзүп Жогорку Кеңешке барып эл өкүлдөрүнө кайрылалы деп жатабыз. Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, эгерде базарды калыбына келтирүү мүмкүн десе анда оңдоп-түзөө иштерин баштап кайрадан соода орундарын түзүп берсек деген аракеттерди көрүүдөбүз", - деди Сакинбаев.

Базар башчысы кичи базарда өрт коопсуздугунун бардык эрежелери сакталганын жана ал жакта мыйзамга жараша текшерүү иштери жүрүп тургандыгын айтып өттү.

Жабыр тарткандар бир дагы бийлик өкүлү келип окуя болгон жер менен таанышып, аларга жолукпаганына нааразы экендигин да билдиришти. Алардын арасында соода кылган орундарын чоң суммадагы акчага сатып алып, мындан сырткары ар бир метрине 50 сомдон салык төлөгөндөр да бар. Бирок орунду сатып алгандыгы тууралуу алардын тийиштүү документтери жок. Соодагерлер салыкты төлөй турган учурда унутта калбаганын, бирок окуя орун алгандан кийин абалга кызыккан бир да эл өкүлүнүн болбогонуна нааразы болушту.

Ал эми адамдарга жумушчу орун түзүп берип жаткан ишкер Анарбек Мырзакуловдун айтымында, окуя болгон жерди оңдоп-түзөөгө кеминде 3 айдан ашык убакыт кетет. Эгерде адистер өрт чыккан жайды жараксыз деп табышса, анда соодагерлерге тарткан чыгымдарды өкмөт төлөп берсе алар кайрадан башка бир айласын таап, өз иштерин уланта тургандыгын белгиледи.

Айбек Мырзакулов, ишкер."Мен бул жерде 8 жылдан бери эмгектенем. Жер төлөнү өзүм ижарага алып 103 миң доллар коротуп оңдоп-түздөп 18 адамга соода кылуучу орун жасап, кайрадан сатуучуларга ижарага берген элем. Эми минтип базар күйүп кетти дегенде Оштон учуп келдим", - дейт ишкер Мырзакулов.

Соодагерлердин айтымында, алар өрт коопсуздугун сактоо боюнча текшерүүлөрдүн деле келгенин көрүшкөн эмес. Алар акыркы күндөрү абанын температурасынын кескин төмөндөшүнөн улам ар кандай жылытуучу каражаттарды колдонушкан. Учурда өрттөн улам келтирилген чыгымдарды аныктоо үчүн соодагерлердин ар бири күйүп кеткен товарынын суммасын чыгарууда.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, базардагы өрт электр тогунун чукул туташуусунан улам келип чыккан.


кошулду





Базардагы өрт: "Мээнетибиз өрттөнүп, күл болуп сапырылып кетти"

Автор: Айзада Тураркулова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(14)
31.01.2018. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаман болуптур, өкмөт көңүл буруу керек!
31.01.2018. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Тилсиз жоо деп коет муну,бир паста тутанып баарын кул кылды. Сабыр кылгыла туугандар артынан жакшылык келээр буйруса. Озу бизде орт коопсуздугун текшеруучулор барбы? Мам жумушта 3-4 жыл иштеп, бир да текшеруучу келгенин коргон эмесмин. Арзан китайский удлинитель, разеткасы ачык же уланган жери корунуп турат ж.б.у.с. Ошол жердин орт коопсуздугун текшербегендерди баарын жоопко тартыш керек.
31.01.2018. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кудай сактасын.
Жогорудагылар келип кабар алышса болмок.
31.01.2018. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнеге бишкекте туруп кабар алышпайт бийлик окулдору аларга баарибирда карапайым элдин койгойу менен иши жок акмактар
SUPER.KG видео
01.02.2018. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өкмөт менен 120 депутат ЖЭБ теги аварияны чече албай убара... Сапар Исаков барып жолукса керек жакын арада! Сабыр кылгыла туугандар эң башкысы алтын башыңар аман болсо акча табылат. Өкмөт компенсация төлөп бериши керек.
01.02.2018. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Воооще скучно болбойтго бишкекте
SUPER.KG видео
02.02.2018. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги депутат машина,жардамчынын балакетин алабы биякта элдин унун угуп басып келип койбойбу же андан да уялат экенби(((
SUPER.KG видео
02.02.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
элибизге сабыр берсин чондорубузга акыл берсин
SUPER.KG видео
02.02.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан эмне учун жашоо начар себеби башчыларыбыз ото начар мамлекетибизди ойлобойт ошондуктан Россияга кошулуп кетиш керек элдер эгер ушуну тушунсонор
SUPER.KG видео
02.02.2018. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жерлерибиз чекесинен сатылып атат
SUPER.KG видео
02.02.2018. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына карагылачы дагестан грозныйды татарстанды Россияга кошулган мамлекеттер кандай онугуп атат
SUPER.KG видео
02.02.2018. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин башчыларга ишенсенер отураберебиз алданып алар Россияга кошулгусу келбейт себеби жей албай калат элдин акчасын бул ачуу чындык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: