super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте кикбоксинг боюнча кыргыз-түрк жолдоштук беттеши болуп өттү

 
Беттештин ачылышы
Түркиядан келген кикбоксчулар
Кыргызстандык кикбоксчулар
Кыргызстандык кикбоксчулар - Ален Офойо менен Кумар Жалиев
Беттештин алдында кыргызстандык кикбоксчулар Түркиядан келген спортчуларга ак калпак кийгизишти
КРнын Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов: "Бул иш-чаранын максаты - жаштарды спортко тартуу жана биргелешип баңги заты менен күрөшүү"
Беттеш чакан концерттик программа менен башталды
Концерттик программа учурунда тазалоочу эженин чыгып рингди жууганы күлкүлүү көрүндү
Көптөн күткөн алгачкы беттеш башталды
1-беттеш айымдар арасында болуп, кыргыз спортчусу Юлия Борисова түркиялык Ясмин Демирбаш менен күч сынашты
Юлия Борисова атаандашын жеңди
Белгилүү теле жылдыз Нурзат Токтосунова мелдеште алпаруучулук кылууга да, кыргыз кикбоксчуларына күйөрмандык кылууга да жетишти
Айымдар арасындагы 2-беттеште кыргызстандык Виктория Бондарева атаандашы Гөзде Жанболаттан жеңилип калды
Жолдоштук беттеш өтүп жаткан жердин жалпы көрүнүшү
Мирлан Ибраимов менен Жафер Севиндик күч сынашып, кыргыз спортчусу жеңишке жетишти
“Кара кыргыз” атка конгон Ален Офойо Ясин Памайды нокаут менен утту
Кумар Жалиев беттеш учурунда. Бир нече ийгиликтерди багындырган бул спортчубуз бир топ толуп алыптыр. Анын күйөрмандары оюнда мындай өзгөрүүнү байкабай коюшкан жок.
Мушкер Кумар Жалиевдин каршылашы Метехан Кара болду
Өз күчүнө ишенген Кумар Жалиев каршылашын утту
Кыргызстандык кикбоксчу Рашит Аманкулов түркиялык Абдулла Жем Акиндин ортосунда да кызуу таймаш болуп, жердешибиз жеңишти алдырып жиберди
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов иш-чара боюнча сөз сүйлөөдө
Нарколог Жеңишбек Назаралиев (алдыңкы катарда отурган кара кийимчен) беттешке берилүү менен назар салып отурду
Жеңишке жетишкен Кумар Жалиев сыйлык алууда
Кыргызстандык Алексей Федосеев менен Менаф Аталай күч сынашып, жеңиш Федосеевге буйруду

11-июнда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кикбоксинг боюнча Кыргызстан жана Түркия мамлекеттеринин курама командалары ортосунда “Спорт баңгизатына каршы” аттуу жолдоштук беттеш болуп өттү. КРнын Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воиновдун айтымында, беттешти Түркия тарап сунуштаган. “Албетте, биз баш тарта алган жокпуз. Бирок биз жеңиле турган болсок да, Түркиянын өкүлдөрүнөн бул жолу күчтүү спортчуларды алып келүүнү сурандык. Себеби бул бизге мындан ары да активдүү даярданууга түрткү болот”,- дейт ал.  

 

Мелдештин салтанаттуу ачылышына Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Мурат Саралинов, Эл аралык баңгизатка каршы мушкерлер федерациясынын президенти Кайя Музаффер Иличак, Кикбоксинг федерациясынын президенти Александр Воинов жана башкалар катышты. Мелдешке Кыргызстандан Алексей Федосеев, Кумар Жалиев, Рашит Аманкулов, Ален Офойо, Мирлан Ибраимов жана кикбоксчу айымдар Юлия Борисова, Виктория Бондаревалар катышты. Ал эми Түркия тараптан Менаф Аталай, Абдулла Жем Акин, Метехан Кара, Ясин Памай, Жафер Севиндик жана айымдардан Гөзде Жанболат, Ясмин Демирбашты аттуу спортчулар келишти.  

 

Биринчи беттеш айымдар арасында болуп, Ю.Борисова түркиялык Я.Демирбашты эч оордугу жок эле жеңип алды. Ал эми В.Бондарева аракет кылганы менен, түрк кикбоксчу айымы Г.Жанболаттан жеңилип калды. Мырзалар арасындагы беттеште кыргызстандык М.Ибраимов  түркиялык Ж.Севиндикти жеңди. Мындан соң “Кара кыргыз” атка конгон А.Офойо 2-раундда түркиялык мушкер Я.Памайды нокаут менен утуп алды. Ал эми К.Жалиев менен М.Каранын беттеши кызуу жүрүп, жеңиш кыргыз мушкерине жылмайды.  

 

Кыргыз спортчусу Р.Аманкулов менен түркиялык Абдулла Жем Акиндин таймашы да өзгөчө кызыгуу жаратты. Себеби алгачкы эки раундда кыргызстандык Р.Аманкулов каршылашына үстөмдүк кылып жатты эле, бирок  акыркы чечүүчү 3-раундда мекендешибиз жеңилүү ызасын тартып калды. Кийинки беттеш башынан ак калпагын түшүрбөгөн кыргызстандык мушкер А.Федосеев менен түркиялык мушкер М.Аталайдын ортосунда болуп, жеңишти Федосеев багынтты. Ошентип, 2 өлкө ортосунда кикбоксинг боюнча өткөн достук мелдеши Кыргызстандын пайдасына 5:2 эсебинде аяктады. 






Кыргыз мушкерлери Түркиялыктарды жеңишти

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(20)
12.06.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото кызыктуу болуптур алга кыргызстан!!!
12.06.2013. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга жигиттер, алга!
SUPER.KG видео
12.06.2013. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
мага бул кыргыз мамлекети эмес эле россия откоргондой эле сезилди.алып баруучуларда орусча суйлошот,и кикбоксерлорда жарымы орустар экен!!!
SUPER.KG видео
12.06.2013. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан 5-2 утту! Азаматсынар!
SUPER.KG видео
12.06.2013. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кикбоксту аябай суйом, Азаматсыздар мушкерлер Кумар менен Алексей чётка уруп тушургон жерлери жакты. Ийгилик баарына.
SUPER.KG видео
13.06.2013. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
неге аягына чейин коралбай жатам
SUPER.KG видео
13.06.2013. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рашид братан кичине каарып калыптырда болбосо енесин танытмак
SUPER.KG видео
13.06.2013. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигиттер .Молодцы!!! Жакшы ойнопсунар..Дагы чоон-чон Ийгиликтерге жеткиле..Ылайым,,
SUPER.KG видео
13.06.2013. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы бийгиликтерге жетип,бийгиликте бололу!!!
SUPER.KG видео
13.06.2013. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты репортаж болуптур. Операторго да данк, сонун кадрларды кармаптыр. Спортчулар боюнча айтсам, Мирлан менен Алексейде форма сакталуу экен, калгандары май басып кетиптир. Турктордун спортчулары чапчан, булчундары, тарамыш эттери туйулуп турат. Айрыкча спортто мелдеш кимдин уйундо отсо ошого берип койгон учурлар коп. Мында уялганынан Рашидге бере алышпаптыр, ошонусуна деле шугур:)
SUPER.KG видео
13.06.2013. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ухх, кыздары зверь экен!!! Кумар,Ален Офойонун кыймылы шамдагай, азаматсыздар!
SUPER.KG видео
13.06.2013. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумар качан карабайын жакшы ойун корсотот Рашид кийинкисинде соз жок урасын аны жакшы ойноп жаттын эле спортто баары болот
SUPER.KG видео
13.06.2013. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга Кыргызстан кумар жалилов мыкты ойнойт азаматтар
SUPER.KG видео
13.06.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кумар Жалилов азамат, баары мыкты кыргыздын жигиттери. Спортсмендерди аябай жакшы коромдаа.
SUPER.KG видео
13.06.2013. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик биздин спортчуларга жакшы ойношуптур
SUPER.KG видео
14.06.2013. 02:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турктордун чумосун чыгарган экенсинер. Рахмат силерге!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: