super.kg logo

Бишкекте сабалган 8 жаштагы кызды жакындары отургуч менен урганы айтылууда

 

Бишкек шаардык №3-балдар ооруканасына жакындары тарабынан сабалып түшкөн 8 жаштагы кыз жөнүндө маалыматты бүгүн, 12-мартта окурман "Элдик кабарга" билдирген эле.

SUPER.KG порталына секелек кызды тааныгандардын бири аты-жөнүн жашырууну суранып, ал тууралуу маалыматтарды айтып берди. Анын айтымында, 8 жашар кыз өзүнүн атасы, өгөй апасы, бир тууган агасы менен жашайт.

"Бул кыз ооруканага абдан оор абалда жеткирилген, колу сынып, башынын 5 жеринен жаракат алган. Денесинин көп жерлери, моюну да аябай көгөргөн, тытылган. Буга чейин аны бир тууган агасы уруп жүргөнүн угуп калчубуз. Кыз мектепке да барбайт. Бирок акылы абдан жетик кыз, тамгаларды тааныйт. Бизге кыздын билдиргенине таянсак, аны өгөй апасы уруп, эч кимге айтпа деп коркутуп жүргөн. Ошол күнү да отургуч менен урганда колу сынып кеткен экен. Бирок кызды "селкинчектен кулап кеттим" деп айт" деп жатышат. Өзүнүн энесинин басып кетмей жайы бар эле... Ошентип бир күнү кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Балдары атасы менен калган. Кийин атасы үйлөнүп, ал жубайы менен бир балалуу болушту", - дейт ал.

Азырынча маалыматты милиция менен балдар ооруканасы тастыктай элек.






Ур-токмокко кабылган секелек: "Чөмүч менен башка койгулайт"

Автор: Айнуска Жороканова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(44)
12.03.2018. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Байкуш кыздар эмне очу бар экен.онбогон акмактар!
12.03.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Кайра уйуно баратурган болсо байкушту дагы кордошот го айтпа дебедим беле деп(((
12.03.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Ушу кичинекей кызды урган огойлорунун колдоруна шал тийсин оомиин
12.03.2018. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Колунар сынгыр,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: