super.kg logo

Бишкекте сабалган 8 жаштагы кыздын чоң энеси: "Неберем өзү тентек, аны келиним урган эмес"

 

"Неберемди өгөй апасы урган эмес, ага 100 пайыз ишенем", - деди Бишкекте сабалган 8 жаштагы кыздын чоң энеси Гүлайым Абдыкеримова SUPER.KG порталына.

Анын айтымында, келини секелек кызга кол көтөргөн эмес, аны бир тууган агасы ур-токмокко алган.

"Келинимдин бала сабай турган түрү жок. Эгер ал ура турган болсо буга чейин эле анын агасын сабамак да. Неберем өзү тентек. Буга чейин келиним чалып: "Апа, мен ооруканага кетсем неберелериңиз чатакташып агасы карындашын сабап салыптыр" деп айтып жүргөн. Кечээ да келиним ооруп ооруканада жатса агасы карындашын дагы сабап салыптыр. Ал эми өзүнүн апасы кайда жүргөнүн билбейбиз. Көп жыл болду "балдарды бак" деп уулума таштап кеткен бойдон бир да жолу кабар алган эмес. Бул келинимдин мынчалык сабаганына ишенбейм, бир жолу мага кыздар чалып келиниңиз небереңизди сабап жатат дешкен, көрсө анда небере кызым дүкөндөн торт уурдап алган экен, кийин коңшусунун машинасын чийип салыптыр", - дейт Абдыкеримова.

Айта кетсек, буга чейин Бишкек шаарында 8 жаштагы кыздын сабалганы кабарланган. Кыз видеодо аны өгөй апасы чөмүч менен башына койгулап урганын, кийин отургуч менен сабаганын айтып берген. Ал нан уурдап жеген учурда ага үйүндөгүлөр тамак бербей коюшарын кошумчалаган.


кошулду





Ур-токмокко кабылган секелек: "Чөмүч менен башка койгулайт"

Автор: Айнуска Жороканова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(39)
SUPER.KG видео
12.03.2018. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+48
Таштап кеткен энесин, анан тиги сабаган ХХХХХХХХ катынды да камоо керек срочно
Модератор admin_media түзөттү 2018-03-13 09:50:35
SUPER.KG видео
13.03.2018. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+27
Менин да 3 балам бар,беришсе багып алмакмын,жакшынакай кылып окутуп,журогум ооруду коруп. Бирок Москвадабыз. Ал уй булого жонотпош кк.
SUPER.KG видео
13.03.2018. 21:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Колун сынгыр
14.03.2018. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Бул чон энеси да огой энесине кошулуп сабашчы окшойт байкуш кызды
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: