super.kg logo

"Татуаждын айынан эки кашымдан айрылдым, азыр анын орду катуу берч болуп калды" дейт Бишкекте кашына татуаж жасаткан кыз

 

Талкууга алынган сүрөтСоциалдык тармактарга тараган бул сүрөткө "татуаж жасатып рак оорусуна чалдыккан кыз" деген билдирүү жазылып, учурда талкууланып жатат. Чын эле ракка кабылганын тастыктаган маалымат азырынча жок. Билдирүү калтырган колдонуучунун айтымында, сүрөттү жана мындай маалыматты ал социалдык тармактардан көрүп жазган.

"Кашка жасалган татуаж рак илдетин жаратышы мүмкүнбү?" - деген суроо менен врач-дерматолог Мээрим Давлетовага кайрылдык.

"Негизи татуаж ракты чакырат деген туура эмес. Кандайдыр бир себептердин негизинде, мисалы организмде рак клеткалары козголсо, тукумунда тери рагы менен ооругандар болсо, кант диабети менен жабыркаса кашка жасалган татуаж ракка өтүп кетиши мүмкүн.

Мен кашыма өзүм эле татуаж кылгам. Туура эмес чийип алыптырмын. Өчүрүү үчүн лазер издеп, шаар боюнча сапаттуу лазер тапкан жокмун. Анан кымбаттыгына карабай өзүм жакшы лазер сатып алып, өчүрдүм.

Мисалы, кашка татуаж жасатуунун баасы 3000 сомго чейин, ал эми татуажды кетирүү 3000-5000 сом турат. Лазердик күйгүзүүгө бир эмес 5-8 жолу барышың керек. Лазер нуру менен татуажды өчүрүү өтө оор. Кадимкидей тери күйөт. Эгер сапатсыз лазер пайдаланылса тери рагы пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан татуаж жасатууда, аны өчүрүүдө косметологдун тажрыйбасына, лазеринин сапатына көңүл буруу кажет. Албетте, ар бир адам лазердин сапатын биле албайт, андыктан тааныштардан сурап, кардарларынан кеңеш алуу зарыл. Косметолог кардардын көзүнчө жаңы ийне, жаңы кол кап алып чыгып, анан ишти баштайбы ага да көңүл буруу керек.

Эгерде адам каштын өңүн кара кылып жасатса, татуаж өчө баштаганда каштын алдын көк, күрөң кылган болсо кызыл болуп калат", - дейт косметолог.

Татуаж жасатып аны лазер нуру менен өчүрткөн Назиранын (аты өзгөртүлдү) азыр кашы таптакыр жок. Өспөй калганына 2 жыл болду. Кашынын орду катуу берч болуп калган.

"Мындан 3 жыл мурун борбордогу сулуулук салондорунун биринен кашыма татуаж жасаткам. Бир жылдан кийин татуажды өчүрткөнү дагы бир салонго барып, лазер нуру менен өчүрткөм. Ал жерге 5 жолу бардым. Ошондон кийин кашым таптакыр өспөй калды. Кашымдын орду кызарып катуу берч болуп калды. Андан кийин карттанып сыйрылып түштү. Анын айынан чоң стресске кабылдым. Каштуу эле кыз болчумун, сулууланам деп жатып 2 кашымдан айрылдым. Азыр кашымды көрсөтпөй көкүлүм менен жаап жүрөм. Кашыма ийне тийгизгенден коркуп калдым", - дейт каарман.


кошулду





Кашка татуаж жасатуу ракка айланып кетиши мүмкүнбү?

Автор: Гүлжан Асанкожоева
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(27)
14.03.2018. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+24
Озун кашын кадырына жетпесен ошондой болот)
14.03.2018. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+41
Ой кудай сакта кээде тан калам айымдарга кирпик улатып татуаж жасатып эмне пайда откунчу нерсеге кызыгып. табийгый сулуулука эмне жетсин, лично мен карандаш мн да боебойм, жаз жай айларында осмо коем. Ошол эле кашымды карартып остурот. Мактанып алдым окшойт го э.("")
17.03.2018. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dolbooruwka,Азаматсын туура кыласын табигый сулуулукка эмне жетсин!
14.03.2018. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Татуаж мн ооругандарга сабак болуптур ..Аллах берген кашты да жон койбой жулуп кырып,ар нерсе болосунар ,акыбети угу коруп койгула!
14.03.2018. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эл дарбыса эшек кошо дарбыйт болуп мен жасаткам. Ийне зырпылдатып кашымды саүгылаган сайын журогум сыңдап, жаным оозума кептелген. Ийне менен кашымды тешип аткан кызды бир тээп туруп кетким келген. айла жок буткучо унчукпай жатып бердим.
14.03.2018. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
bantik,сен башка нерсе жонундо айтпай эле турасынбы аябай сайгылады анан унчукпай жатып бердим деп. эй кыздар кыздар Аллах бербеген сулуулукту эч жерден издебегиле!
14.03.2018. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bond02, ха ха хааа
14.03.2018. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Ушул маалыматты чыгарып туура кылыпсыздар.татуажга кызыгып жүргөн өспүрүмдөргө сабак болоор деген үмүттөмүн
14.03.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Каштуу эле кыз болчумун дейт, ошол эле кашын формага келтирип жакшы алып жүрсө болот да, обу жоктонуп татуаж жасатпай! Артык болом деп тыртык кылбай.
Менин дагы кашым калың, капкара. Оңдоп түзөп эч бир боёбойм, татуаж жөнүндө ойлонуп дагы көргөн эмесмин. Баасы дагы мен үчүн аябай эле кымбат...
P.S. татуажды сүйүүчүлөр мени талап кетпегиле, өз оюмду жаздым...
14.03.2018. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Антейин десен бул боеп, терип отурбайсын. Даяр нерсе экен. Озунун кашы менен жургон бир да ырчы таппасак керек азыр
14.03.2018. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Куйоомо рахмат уруксат бербей койгонуна
14.03.2018. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
brave,боорду эздин го
14.03.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
молодец андан башка не дейм.
куноо болоорун билбесенер да озунордун жараткан кейпинер журбойсунорбу
башка жеринерге да татуаж,макияж жасатып алгыла демекчимин
14.03.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кыздардын баары жасалма каш,кирпик жасатышып,тырмактары деги шеллак болуп,нукура сулуулуктан кабар калбады.
14.03.2018. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Исламда татуаж эле эмес каш терүүгө да тыюу салынат. Кыз кезинде терилбеген каштары менен эле супсулуу кыздарыбыз чоңойгондо эмнеге жулуп салышат?
14.03.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чала болуптур сага кудай берген каш менен журо бер исламдагы жок нерсени кылыпсын
14.03.2018. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Татуаждын акчасына козу гриль жеген жакшы
14.03.2018. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Альхамдулиллах ! Озум кашыма шугур.
14.03.2018. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аллах берген сулуулука нараазы болуп.озгорткусу келгендер корсун.ар кимге сулуулукту берген.
14.03.2018. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажап эле болуптур да! Сага бул да чала!
15.03.2018. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муйуздуу болом деп кулактан ажыраптырсында...
15.03.2018. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болбогон нерсеге акча кетирип эмне кылат дейм да.Мен дагы каш,кирпик чаптатып коргон эмесмин.Азыр ырчы,бийчи даже кочодогу кыздардын баары окшоштой сезиле берет.Коздорундо торпоктукунан да узун кирпик,каштары капкара,анан кээбирлер чачтарын сарыга боёп алышат оздору капкара болсо деле. Салондорго жазылып тимеле ошолор жонундо суйлошкон группалаштарыма акчаны кайдан табасынар деп сурасам мамам берет дешет.Кандай эле кыздарга боёнгонго мамасы акча берет болду экен?
15.03.2018. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башкаларга сабак болсун эми
15.03.2018. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайдын жазасы... татуаж эмес даже каш терген чоооң күнөөөөөөө
SUPER.KG видео
15.03.2018. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(";") артык кылам деп тыртык кылыптырда
15.03.2018. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чала болуптур. Боёнгон кыздарга сабак болсун эми чачын кашын кыркып,жулуп жүргөн. эмне кылат деймда акчасын сарптап.
SUPER.KG видео
16.03.2018. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче бул айым кант диабети менен жабыркап жүргөн окшойт. Татуаж жазаардын алдында кардардан жакшылап ден соолугун сурап алып жазашса болмок мастерлер. Мен чет өлкөдө иштейм. Бизде татуажды 300доллардан жогору жазашат (каш татуаж). Бирок бардыгы көзөмөлгө алынган. Ден соолугун текшерип анан жазалат. Ошон үчүн бир гана татуаж эмес элементардуу тырмак боётордо сак болгула. Бизде азыркы учурда Кыргызстанда эч бир салон гигиенасы боюнча мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынган эмес. Алынса да эч ким к
WhatsApp18 түзөттү 2018-03-16 16:41:10
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: