super.kg logo
  Спорт  

Улакчы Урмат Мусаев: "Айрым балдарыбыз жаракат алып калып, оюндун ыргагы бузулуп кетти"

 

Бүгүн, 19-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин жарым финалдык беттештери орун алды. Оюн учурунда жаракат алып, оюндан четтеп калган "Биримдик Аю" командасынын улакчысы Урмат Мусаев кырсыктап калганы жана бүгүнкү оюн тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Ынтымак" менен татыктуу оюн болду. Биздин команда мелдештин башынан баштап эле күчтүү командалар менен ойноду. Бирок ал беттештерден кийин деле балдар чарчаган жок. Биздин коргонуубуз бир аз начар болуп калды окшойт. Атаандашыбыздын казанына көп улак кирбей калды. Оюнду башында жакшы баштаганбыз, анан айрым балдарыбыз жаракат алып калып, оюндун ыргагы бузулуп кетти. Өзүм да кырсыктап, оюндан четтетилдим. Тайказандын жанында ат секирип кетип, кулап калдым. Азырынча эмне жаракат экенин биле элекмин, дарыгерлер колумду таңып коюшту", - дейт Урмат Мусаев.

Эске салсак, Урмат Мусаев буга чейин командасынын даярдыгы тууралуу айтып берген.

Айта кетсек, "Аккула" ат майданында жарым финалдын алкагында "Ынтымак" - "Биримдик Аю" жана "Достук" - "Арашан" командаларынын беттештери орун алды. Анда Урмат Мусаевдин "Биримдик Аю" командасы аттандашына 2:1 эсебинде жеңилип калды. Ал эми "Достук" менен "Арашан" командасынын беттеши 15:1 эсебинде жыйынтыкталды.

Эми мелдештин финалында Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасы менен беттешсе, 3-орун үчүн беттеште Чүйдүн "Биримдик Аю" жана "Арашан" командалары күч сынашмакчы.

Бүгүн, 19-мартта болгон беттештердин жыйынтыгы, жарым финал:

"Ынтымак" - "Биримдик Аю" - 2:1;

"Достук" - "Арашан" - 15:1.

21-мартта өтө турган беттештер:

3-орун үчүн беттеш:

Саат 10:00дө "Биримдик Аю" - "Арашан"

1-орун үчүн беттеш:

Саат 14:00дө "Ынтымак" - "Достук".






Нооруз-2018: "Ынтымак" менен "Достук" көк бөрүнүн финалында кездешмей болушту

Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
19.03.2018. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодцы Кыргызымдын жигиттери Оштуктар
19.03.2018. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымак чемпион
19.03.2018. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бомбардир ким болду экен?
20.03.2018. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакылдаган Достукту суу кечкенде коробуз. Айтып алган созунорго тургула эми Достук.Каршылашыбыз биз ойлогондой эмес алсыз экен дединер.Оюнда ар кандай ситуация болот.Ынтымак менен Достук финалда!
20.03.2018. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достукту жалан жаны чыгып келе жаткан слабый командалар менен ойнотуп финалга чыгарышты бул адилетсиздик. Коробуз Эми финалда кантишээр экенин. Сасык саясат кок боруго да жеттин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: