super.kg logo

"Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат

 

Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарынын борбордук "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара башталды.

Аталган иш-чарага борбор калаанын тургундары жана коноктору, шаардык мэриянын өкүлдөрү, башка өлкөлөрдүн Кыргыз мамлекетиндеги элчиликтеринин өкүлдөрү келип катышууда.

Майрамдык салтанат театрлаштырылган оюн-зоок программасы менен ачылды. Алгач аянтка дыйкандар чыгып эгин эгип жаз келгенин жар салышса, Умай эне арча түтөтүп жакшы каалоо-тилектерин айтып аластап өттү. Андан соң келген конокторго сүмөлөк таратылып, ак калпакчан аксакалдар жалпы журтка бата берип, жакшы тилектерин айтышты.

Андан соң концерттик бөлүк "Көчмөндөр оюну" деген ыр менен башталды. Андан соң куттуктоо сөзү шаар мэри Албек Ибраимовго берилди. Өз сөзүндө калаа башчысы Бишкек быйыл 140 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярданып жатканын айтты. Ошондой эле ал шаар тургундарына бакыт, жаштарга кең келечек, ал эми шаарга өнүгүп өсүүнү каалап кетти.






Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамы шаңдуу майрамдалды

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Мухамадзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
21.03.2018. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Урматтуу Кыргыз элим!Баардыгынарды Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктап коюуга уруксат этиниздер!!Нооруз майрамы бизге токчулук жана молчулук алып келсин!!!Майрамыныздар менен!!!
SUPER.KG видео
22.03.2018. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жеп ичкендегенден кийин , маирамдадынбы арканды тазалап кетуу дегенге мээ жетпептир... кобунчо калкыбызда!!!..чочко менен айырмабыз жок...Государство толоп берет дегендей!!!
SUPER.KG видео
22.03.2018. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
полностью концерт жокпу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: