Бишкекте 22 улуттун өкүлдөрү улуттук тамак-аш, кийим-кече, колго жасалган буюмдарынын жарманкесин өткөрүштү

















Бүгүн Нооруз майрамына карата Бишкектин ар кайсы бөлүктөрүндө салтанаттуу иш-чаралар, жарманкелер өтүүдө. Алардын бири Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында этностук улуттардын катышуусундагы жарманке уюштурулду.
Аталган көргөзмөгө 22 улуттун өкүлдөрү улуттук тамак-ашын, кийим-кечесин, колго жасалган буюмдарын элдин назарына коюшту. Ал тургай ар улуттун өнөрпоздору ырдап, бийлеп келгендерге майрамдык маанай тартуулап жатышты.
"Бул иш-чараны жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттиктери чогуу уюштурушту. Долбоордун максаты - Кыргыз өлкөсүндө жашаган жарандыктын бирдейлигин калыптандыруу, элдин биримдигин чыңдоо. Ошондой эле ар бир элдин өзүнө тиешелүү маданиятын, салт-санаасын даңазалоо", - дейт жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер агенттигинин басма сөз катчысы Замир Иманкалиев.
Ал эми жарманкеге келген калктын жөнөкөй катмары ар бир улуттун ашканасынан даам сызып, маданияты менен таанышып, ыр-бийлерине күбө болуп, позитивдүү маанайда жүрүшөт.
Нооруз-2018: Ар улуттун элдери борборго тамак-ашын жайды

