Орусиялык дарыгерлер Ошто эки татаал операция жасашты
Кечээ, 12-ноябрда "Миссия добро" эл аралык ыктыярчылар программасынын алкагында орусиялык дарыгерлер Ош шаарына келишти. Алар жергиликтүү кесиптештери менен биргеликте бейтаптарды кабыл алып, эки операция жасашты. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Делегациянын курамында уролог Константин Нотов жана травматолог-ортопед Денис Згирский бар. Адистер жергиликтүү дарыгерлерге лекция окуп, консультацияларды өткөрүштү.
Уролог Константин Нотов жергиликтүү дарыгерлер менен биргеликте простата аденомасын жана заара жолундагы ташты алуу боюнча эки операцияны ийгиликтүү жасады. Бейтаптарды кабыл алуу жана операциялар бүгүн да уланат.
Белгилей кетсек, 9-14-ноябрь күндөрү 6 орусиялык дарыгер Бишкек жана Ош шаарларында тажрыйба алмашып, мастер-класстарды өткөрүп, калкка медициналык жардам көрсөтүүдө. Бул ыктыярчылардын Кыргызстанга онунчу сапары.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















