super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү боюнча финалдык беттеш: Депутат Улукбек Ормонов "Достук" командасына күйөрмандык кылса, ырчы Курал Чокоев оюндун кызыктуу болушун каалап жатканын айтты

 

Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалдык беттешинде Талас облусунан "Ынтымак" жана Оштун "Достук" командалары беттешет. Белгилей кетсек, бул командалар өткөн жылы да финалга чогуу чыгып, биринчиликти "Ынтымак" командасы эңип кеткен. Ал эми бул жылдын жыйынтыгы кандай боло турганы азырынча белгисиз. SUPER.KG порталы элге аты таанымал белгилүүлөрдөн сурамжылоо жүргүзүп, кимиси кайсы командага жан үрөп жатканына кызыгып көрдү.

Мирлан Бакиров, Жогорку Кеңештин депутаты:

"Албетте, бүйүр кызыткан көк бөрү оюну кызуу өтүп жатат. Мен ага массалык маалымат каражаттары аркылуу көз салуудамын. Бүгүн финалда беттешүүчү "Достук" менен "Ынтымак" командаларынын оюну да өтө кызыктуу болот деп күтүп жатам. Экөө тең аябагандай тажрыйбалуу, бышып жетилген командалар. Бирок "Ынтымак" бул ирет да бир аз күчтүүлүк кылып калышы мүмкүн. Себеби булардын биринчиликти талашкан беттеши алгачкысы эмес, бир нече жолу бет келишип, жыйынтыгында "Ынтымак" командасынын жеңиши менен аяктап калган учурлар болгон. Ошентсе да "Достук" командасына күйөрмандык кылып, жеңет деген ойдо турам. Аракети өтө жакшы болуп жатат. Негизгиси калыстар калыстык кылса күчтүүсү утат".

Эрмек Нурбаев, "Тамашоунун" негиздөөчүсү:

"Мен командаларга бала кезден күйөрмандык кылып жүрсөм, анда бул же тигил командага тартып жатам деп айтмак элем. Андай эмес, ошондуктан күчтүүсүнө күйөрмандык кылуудамын. Мага эки команданын тең оюндары жагат".

Добр, ырчы:

"Мен атайын бир команда үчүн жан үрөгөн жокмун. Анткени көк бөрүчүлөрдүн баарын тең сыйлайм. Алар мени сыйлашат, менин ырларым менен чыгып жүрүшөт. Андыктан кайсы бир команда үчүн жан тартканым туура эмес болуп калат".

Улукбек Ормонов, Жогорку Кеңештин депутаты:

"Кыргыздын ар бир жигити улакка кызуу күйөрмандык кыла турганы талашсыз болсо керек. Мен да аябай кызыгам. Азыр аймакта эл менен жолугушууда жүргөндүктөн, жеринде көрө албай жатам. Эки команда тең өтө күчтүү. Ийгилик кайсы жакка жылмайса ошонусу утат. Бирок "Достук" командасынын күйөрманымын”.

Урмат Усенов, ырчы:

"Албетте, "Ынтымак" командасына жан тартып жатам. Бирок бүгүн майрамдык иш-чаралар абдан көп болгондуктан, оюнга катыша албай калдым. Бирок эсепке көз салып турам".

Мурат Жалиев, "тамашоучу":

"Кайсы командага жан тартканым белгилүү болсо керек. Албетте, өзүмдүн жердештериме, өзгөчө Манас Ниязов иниме чоң ийгилик каалап жатам. Кечээ күнү эле алар менен байланышып, "Биз "Тамашоунун" кубогун жеңип алгандай, "Достук" командасы да ийгиликке жетип, 1-орунду багындыргыла" деп айткам".

Курал Чокоев, ырчы:

"Финалдык беттеште атайын бир команда үчүн жан тартпастан, оюндун кызыктуу болушун каалап жатам. Себеби эки команданын жигиттери тең азаматтар! Эгер өзүм туулуп-өскөн Кара-Балтадан бир команда финалга чыккан болсо, ошолорго жан тартмакмын", - дейт ырчы күлүп.








Нооруз-2018: Көк бөрүдөн "Ынтымак" командасы былтыркы ийгилигин кайталады

Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(7)
21.03.2018. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Админ туз алып беруу болобу
21.03.2018. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Kyialbek.a, ктрк спорт каналынан туз алып бертат го
21.03.2018. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Просто соз жок керемет оюн болуп атат. Жекеме жекеде Ынтымака тендеш жок экен.
21.03.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
asylbekova,Тагыраагы Ахилеске тең жок экен
Достук алга
21.03.2018. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Ахилеске тендеши жок экен
21.03.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курал эмне оозун кыйшайтып тушуп калган фотого
22.03.2018. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улук ака достукка жекме жекке ат алып берсенер жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: