super.kg logo
  Спорт  

Улакчы Карыпбек Эшиев: "Билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат" дегендей аягында биз жеңишке ээ болдук"

 

21-мартта Бишкек шаарындагы "Аккула" ат майданында Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдештин финалы орун алды. Анда Таластын "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасы менен кездешип, 2:1 эсебинде утуп алды. Оюндун аягында жеңишке жеткен "Ынтымактын" улакчысы Карыпбек Эшиев бүгүнкү оюн тууралуу SUPER.KG порталына айтып берди.

"Оюн абдан жакшы өттү. Бул мелдешке бардык командалар кышы бою даярданган. Бардыгыбыз эмгектенип машыгууларды уюштурганбыз. Мелдештин жүрүшүндө бизге күчтүү командалар туш келсе дагы, оюндарды ийгиликтүү жыйынтыктап, биздин жеңиш менен аяктады. Оюнга "акыл менен ойнойлу" деген тактика менен чыкканбыз. Эсеп саны 1:0 болуп жатканда өзүбүз карманып жаттык. Биригип, бири-бирибизге сылык сүйлөп, ар кандай сөздөрдү айтып ачууга алдырбайлы деп жаттык. Жыйынтыгында "билеги күчтүү бирди, билими күчтүү миңди жыгат" дегендей аягында биз жеңишке ээ болдук", - дейт улакчы.

Айта кетсек, 1-орунду багындырган "Ынтымак" командасы 400 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болсо, "Достук" командасы 2-орунду ээлеп 200 миң сомго ээ болду. Ал эми 3-орунду ээлеген "Биримдик Аю" командасы 100 миң сом, 4-орунду ээлеген "Арашан" командасы 75 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

Эске салсак, 2017-жылы Нооруз майрамына карата өткөн мелдештин финалында "Ынтымак" менен "Достук" беттешкен. Анда да бүйүр кызыткан беттештин жыйынтыгында "Ынтымак" 8:7 эсебинде жеңишти илип кеткен.


кошулду





Нооруз-2018: Көк бөрүдөн "Ынтымак" командасы былтыркы ийгилигин кайталады

Автор: Нурсултан Нурболот уулу
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
21.03.2018. 21:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо билиминер кучтуу деген турасынарбы
21.03.2018. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эки команда тен кучтуу. Мен озум Таластанмын бирок экоосун тен бирдей баалайм. Анткени Кыргызымдын намысын казактардан коргой ала турган балдар бар. Казактарды утуп тизесин чоголотсонор ошондо чыныгы кучтуулугунорду баалайбыз. " Достуктан" Манастын атын укканда казак туугандар кадимкидей коркушат. Буйруса ушул эки команданын мыктылары Кыргыздын намысын коргоп желегибизди казактардын журогун тушуро желбиретип келгиле.
aibars түзөттү 2018-03-21 21:22:21
22.03.2018. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aibars,эркек
21.03.2018. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алга чемпиондор короалбагандар чычалай берет Азамптсынар дагыда болсо далилдединер чыныгы чемпион экенинерди
21.03.2018. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ахилес мыкты ат экен.
21.03.2018. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир команданын оздорунун куйормандары бар! Достукту колдосо эле Оштук болуп калбайт да... Ынтымакты жениши мн куттуктайм! А Достук силер барибир менин суйуктуу командам боюнча каласынар жана мен учун биринчи орундасынар!!! Бул жолкусу болбосо кийинкисинде утаарынарга ишенем.
21.03.2018. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластыктарга Ахиллес менен Геркулести куудайым Берген экен болбосо женилет эленер.
21.03.2018. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ынтымак командасы ахилеске рахмат айткыла чынында тарыхта кала турган ат экен
21.03.2018. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
билим менен женгидей сага бул черчение сабагы беле?
22.03.2018. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
bond02,албетте билим акыл менен женет да,оюнда тактика растановка ошонун баары билим ошону айтып жатат карыпбек
22.03.2018. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
урматтуу кыргыз элим болунбогуло,жана коро албастык кылбагыла,бул деген ийгилик,утса баары эле мактанат да
22.03.2018. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы күчтүү команданы айтып атат бул полуфиналда гана биримдик күчтүү болбосо калганы андай деле эмес. Достук деле мурунку беттештерде полуфиналда күчтүүлөр менен ойногон атак.
sagynbek.apyshev түзөттү 2018-03-22 02:29:14
22.03.2018. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
улакта илим билим химиянын кереги жок
Эпчил Күчтүү анан минген атын жакшы болсо жетет ошол
22.03.2018. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Илим билимдуу боло бербечи эптеп бир эки улак ашыкча таштап алсанар эле убакытты кетире бересинер эркекче ойнобой
24.03.2018. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
urmat94, шылтоо ошолбу
22.03.2018. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атта билимдуулор болгонун куйдурушотта ушулар.химия сабакынан отупаткансып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: