АКШда 200 короз абакка отургузулду
АКШда 200 короз абакка отургузулду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, АКШнын Арканзас штатында 200 короз урушка катышкандыгы үчүн абакка отургузулган. Алар полиция кызматкерлери тарабынан рейд учурунда Де-Куин шаарында колго түшүп, далил катары абакта кармалууда.
Ошондой эле рейд учурунда 137 адам кармалган. Алардын арасында 34 адам жаныбарлардын уруштарын уюштуруп жүргөн деген айып менен кармалса, 86 адамдын ар кандай мыйзамдарды бузганы аныкталган. Ал эми калган адамдар короз урушту көргөнгө келишкен.
Короздорго кам көрүү милдети абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан өзүнүн жакшы жүрүм-туруму менен айырмаланган кылмышкерлерге тапшырылган.
Короздор иликтөө иштери бүткөн соң каякка жиберилерин сот чечет.
АКШда урушка катышкан 200 короз камалды













1 |